КОНЦЕРТ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОНЦЕ́РТ</b> ( | <b type='title'>КОНЦЕ́РТ</b> (латынча сoncerto – мелдешем дегенден) – артисттердин алдын ала жарыяланган программа боюнча эл алдында өнөр көрсөтүүсү. Концерт түрлөрү: музыкалык (симфониялык, камералык, фортепьянолук, скрипкалык жана башкалар), адабияттык (көркөм окуу), аралаш (музыкалык номерлер, көркөм окуу, спектаклдерден, балеттерден үзүндүлөр жана башкалар), эстрадалык (жеңил вокалдык жана аспаптык музыкалык чыгармалар, юмордук аңгемелер, пародиялар, цирк номерлери жана башкалар).Концертке бир (жеке концерт) же бир нече аткаруучу катышат. Жеке ас­паптын же оркестрдин коштоосунда үн үчүн жазылган музыкалык чыгарма да концерт деп аталат. XVIII кылымдан академиялык деп аталган автордук концерт кеңири тараган, В. А. Моцарт, Л. ван Бетховен жана башкалар өз чыгар­маларын аткарып чыгышкан. Россияда концерт XVIII кылымдын 40–70-жылдарында системалуу мүнөзгө өткөн. <i>Кыргыз академиялык симфониялык оркестри, Кыргыз эл аспаптар оркестри, Комузчулар ансамбли, «Даткайым» скрипкачылар ансамбли,</i> ар кыл музыкалык коллективдер, ырчылар жана башка аткаруучулар тарабынан концерттер үзбөй өткө­рүлүп турат. | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
05:16, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОНЦЕ́РТ (латынча сoncerto – мелдешем дегенден) – артисттердин алдын ала жарыяланган программа боюнча эл алдында өнөр көрсөтүүсү. Концерт түрлөрү: музыкалык (симфониялык, камералык, фортепьянолук, скрипкалык жана башкалар), адабияттык (көркөм окуу), аралаш (музыкалык номерлер, көркөм окуу, спектаклдерден, балеттерден үзүндүлөр жана башкалар), эстрадалык (жеңил вокалдык жана аспаптык музыкалык чыгармалар, юмордук аңгемелер, пародиялар, цирк номерлери жана башкалар).Концертке бир (жеке концерт) же бир нече аткаруучу катышат. Жеке аспаптын же оркестрдин коштоосунда үн үчүн жазылган музыкалык чыгарма да концерт деп аталат. XVIII кылымдан академиялык деп аталган автордук концерт кеңири тараган, В. А. Моцарт, Л. ван Бетховен жана башкалар өз чыгармаларын аткарып чыгышкан. Россияда концерт XVIII кылымдын 40–70-жылдарында системалуу мүнөзгө өткөн. Кыргыз академиялык симфониялык оркестри, Кыргыз эл аспаптар оркестри, Комузчулар ансамбли, «Даткайым» скрипкачылар ансамбли, ар кыл музыкалык коллективдер, ырчылар жана башка аткаруучулар тарабынан концерттер үзбөй өткөрүлүп турат.