КАЙКИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КА&#769;ЙКИН</b> '''Василий Матвеевич''' [9. 6. 1910, Жети- Суу облусу, Пржевальск уезди (азыркы Ысык-Көл облусу, Түп району, Түп кыштагы) – 30. 1. 1945, Герма&shy;ния, Альткессель темир жол бекети] – гвардиянын
<b type='title'>КА&#769;ЙКИН</b> '''Василий Матвеевич''' [09. 06. 1910, [[Россия империясы]], [[Түркстан генерал-губернаторлугу]], [[Жети-Суу]] (азыркы Ысык-Көл) облусу, [[Пржевальск]] уезди (азыркы [[Түп району]]), Түп айылы – 30. 01. 1945, [[Германия|Герма&shy;ния]], Альткессель темир жол бекети] – гвардиянын


[[File:КАЙКИН105.png | thumb | none]]
[[File:КАЙКИН105.png | thumb | none]]
улук сержанты, Советтер Союзунун Баатыры (27. 2. 1945, өл&shy;гөндөн кийин). 1942-жыл&shy;дан Советтик Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта Кызыл Туулуу Мозырь гвардиялык атчандар дивизиясынын 54- гвардиялык атчандар пол&shy;кунун пулемёт расчётунун командири. Сталинград, Борбордук ж-а 1-Белорус фронт&shy;торунда салгылашкан. Кайкиндин расчёту Одерден өтүүдө (1945, 29-январь) жоо&shy;нун 6 чабуулунун мизин кайтарган, душманды коргонуп жаткан жеринен кууп чыгып, эскад&shy;рондун дарыядан өтүшүнө шарт түзгөн. Альт&shy;кессель темир жол бекетин алуу үчүн салгылашта 100дөй фашистти жок кылып, душмандын ок&shy;-дары жүктөлгөн 7 автомашинасын талкалаган. Ок-дарысы түгөнүп, душмандын курчоосунда калганда, танкага каршы гранатаны жарып, душманды кырган ж-а өзү да курман болгон. 2 жолу 3-даражадагы Даңк, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Түп кыштагында Кайкинге эстелик тургузулган. Анын ыс&shy;мында мектеп, көчө бар.
улук сержанты, Советтер Союзунун Баатыры (27. 02. 1945, өл&shy;гөндөн кийин). Советтик Армиянын катарына 1942-жыл&shy;ы чакырылган. [[Улуу Ата Мекендик согуш]]та Кызыл Туулуу Мозырь гвардиялык атчандар дивизиясынын 54- гвардиялык атчандар пол&shy;кунун пулемёт расчётунун командири. [[Сталинград]], Борбордук жана 1-Белорус фронт&shy;торунда салгылашкан. В. М. Кайкиндин расчёту 1945-жылы 29-январда Зелёна-Гура шаарына ([[Польша]]) жакын Одер дарыясын кечип өтүүдө душмандын 6 чабуулунун мизин кайтарган, душманды коргонуп жаткан жеринен кууп чыгып, эскад&shy;рондун дарыядан өтүшүнө шарт түзгөн. Кийинки күнү Германиядагы Альт&shy;кессель (Альткассел) темир жол бекетин алуу үчүн салгылашта 100дөй фашистти жок кылып, душмандын ок&shy;-дары жүктөлгөн 7 автомашинасын талкалаган. Ок-дарысы түгөнүп, душмандын курчоосунда калганда, танкага каршы гранатаны жарып, душманды кырган жана өзү да курман болгон. 2 жолу 3-даражадагы Даңк, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган. Түп кыштагында Кайкинге эстелик тургузулган. Анын ыс&shy;мында мектеп, көчө бар.
 
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]

03:43, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КА́ЙКИН Василий Матвеевич [09. 06. 1910, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу (азыркы Ысык-Көл) облусу, Пржевальск уезди (азыркы Түп району), Түп айылы – 30. 01. 1945, Герма­ния, Альткессель темир жол бекети] – гвардиянын

улук сержанты, Советтер Союзунун Баатыры (27. 02. 1945, өл­гөндөн кийин). Советтик Армиянын катарына 1942-жыл­ы чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта Кызыл Туулуу Мозырь гвардиялык атчандар дивизиясынын 54- гвардиялык атчандар пол­кунун пулемёт расчётунун командири. Сталинград, Борбордук жана 1-Белорус фронт­торунда салгылашкан. В. М. Кайкиндин расчёту 1945-жылы 29-январда Зелёна-Гура шаарына (Польша) жакын Одер дарыясын кечип өтүүдө душмандын 6 чабуулунун мизин кайтарган, душманды коргонуп жаткан жеринен кууп чыгып, эскад­рондун дарыядан өтүшүнө шарт түзгөн. Кийинки күнү Германиядагы Альт­кессель (Альткассел) темир жол бекетин алуу үчүн салгылашта 100дөй фашистти жок кылып, душмандын ок­-дары жүктөлгөн 7 автомашинасын талкалаган. Ок-дарысы түгөнүп, душмандын курчоосунда калганда, танкага каршы гранатаны жарып, душманды кырган жана өзү да курман болгон. 2 жолу 3-даражадагы Даңк, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган. Түп кыштагында Кайкинге эстелик тургузулган. Анын ыс­мында мектеп, көчө бар.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.