КЕТМЕН (эмгек куралы): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КЕТМЕН эмгек куралы to КЕТМЕН (эмгек куралы)) |
(Айырма жок)
| |
03:03, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕТМЕН – дыйканчылыкта колдонулуучу эмгек куралы. Кетмен алгачкы дыйканчылык менен кошо пайда болуп, адегенде таштан, колодон, кийин жалпак курч темирден жасалган. Анын уңгусу, башы жана сабы болот. Кетмендин башы үч бурч, тегерек жана сүйрү формада, узундугу 25–35 см, эни 20–30 смдей. Уңгусуна 5–7 см келген жоон түтүкчө ширетилет же кадалат да, ага 1,5 мче жумуру жыгач сапталат. Бети жылмаланып, мизи курчутулуп, уңгусу жагынан эки чети ичин көздөй бир аз кайрылат. Учурда жер казуу, арык чабуу жана башка айыл чарба иштеринде кетмен кеңири пайдаланылат.
