КОРГОНУУ КАРАЖАТТАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОРГОНУУ КАРАЖАТТАРЫ – т ышк ы чөйрөнүн жагымсыз факторлорунан (чаң, газ, буу, нурлануу, радиоактивдүүлүктүн жогорула­шы, уу химикаттардан ж. б.) ж-а душмандын жапырт кыргын куралдарынан коргоочу кара­жаттар. К. к. жеке ж-а коллективдүү болуп бөлүнөт. Жеке К. к-на атайын кийим (костюм, комбинезон, халат, ич кийим, алжапкыч, жең кап ж. б.), кол кап, бут ж-а баш кийим, көз айнек, дем алуу органдарын коргоочу аспаптар (противогаз, респиратор) ж. б., коллективдүү К. к-на жашырына турган ж-а калкалануучу жай­лар кирет. Калкты жапырт кыргындан коргоо үчүн жашына турган жайлар айрым мамлекет­терде экинчи дүйнөлүк согуштун (1939–45) ал­дында курула баштаган. СССРде бомбадан ж-а газдан коргонуу жайларын Абадан коргонуунун (ПВОнун) жерг. уюмдары көзөмөлдөгөн. Корго­нуу үчүн жер төлөлөр, Москвада метрополитен станциясы пайдаланылган, о. эле атайын има­раттар курулган. Жашынуучу жайлар элди яд­ролук жарылуунун бузуучу факторлорунан (со­гуу толкуну, өтмө радиация ж-а жарык нурла­нуу), ууландыруучу заттардан ж-а бактериялык каражаттардан, ысыктан коргойт. Алар има­раттын төмөнкү бөлүгүнө же темир-бетондон атайы жасалат. Тынчтык мезгилинде алар га­раж, кампа, коомдук тамак-аш мекемеси, тур­муш-тиричилик имараты катары пайдаланылат. Жер астындагы курулуштар (метрополитен, тун­нелдер, көчө өткөөлдөрү) зарыл учурда жашы­нуучу жай катары пайдаланылат. Радиацияга каршы калкалануучу жай катары имараттын жер үстүндөгү бөлүгү, жер төлөлөр, шахталар ж-а темир-бетон, саман, жыгач, ылайдан жа­салган атайын курулуштар колдонулат. Анда санитариялык түйүн, суу запасы ж-а тамак-аш үчүн орундар даярдалат. Алар табигый жол м-н же атайын аспаптардын жардамы м-н желде­тилет.