КООМДУК ФИЛОСОФИЯ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КООМДУК ФИЛОСО́ФИЯ , с о ц и а л д ы к ф ил о с о ф и я – философиянын коом деген эмне, анда адамдын орду кандай деген суроого жооп берүүнү көздөгөн бир бөлүгү. Ушул маанисинде К. ф. теор. социологияга жакындап кетет, айырмасы социология жашап жаткан коомду анализдеп, анын мыйзам ченемдүүлүктөрүн аныктайт, ошол эле убакта К. ф. сындык функцияны аткарат. Философиядагы социалдык проблематика антикалык мезгилде башталып, баарынан мурда Платондун («Мамлекет») ж-а Аристотелдин («Саясат») эмгектеринде кездешет. Коомдун өтө таасирдүү филос. ж-а соц. концепцияларына марксизм (К. Маркс, Ф. Энгельс), неомарксизм (Д. Лукач), либералдык теория (Л. фон Мизес, Ф. Хайек), «массалык коом» теориясы (Х. Ортега-и-Гасет), тоталитардык коом теориясы (Юнгер, Арендт, Мангейм), өнүккөн индустриялык коом теориясы (Франкфурт мектебинин өкүлдөрү: М. Хоркхаймер ж-а Г. Адорно, Г. Маркузе), постиндустриялык коом ж-а маалымат коом теориясы (Д. Белл, О. Тоффлер), «соңку модерн» коом теориясы (Гидденс) ж-а империялык глобализм теориясы (Хардт и Негри) кирет. К. ф. дүйнөгө көз караш, методол. ж-а гуманитардык функцияларды аткарат. Ал бардык гуманитардык илимдер, а. и. психология, лингвистика м-н тыгыз байланышта болот.