КОҢУР-ӨЛӨҢ ЧЫМ КӨҢ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОҢУР-ӨЛӨҢ ЧЫМ КӨҢ КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нунда, Коңур-Өлөң өрөөнүндө, Чыгыш Кара-Суунун төмөнкү агымында, Тогуз- Булак кыш-нан 2 км түн.-батышта, деңиз деңг. 1910 м бийикте. Орт. калыңдыгы 1,41 м, аянты 233,77 га болгон чым көң кени саздак пролю­вий-аллювий катмары м-н байланышкан. Чым көң күрөң ж-а мала күрөң түстө. Чириндилер 10–20%ти түзөт. Күйгөндөгү жылуулугу 2088– 4780 ккал/кг. Чым көң жер семирткич кошул­маларын даярдоого жарамдуу. Төмөнкү горизон­ту чала чиригендиктен бальнеол. (дары баткак) мааниге ээ. Запасы А2 категориясы б-ча 3173,2 миң т