КОНЕВ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КО́НЕВ Иван Степанович [16(28). 12. 1897, Вологда губерниясы, Лодейно кыш. – 21. 5. 1973, Москва] – Сов. Союз. маршалы (1944), эки жолку Союз. Баатыры (1944, 1945), 1-дүйнөлүк (1914–18) ж-а Жарандык

согуштун (1918–20) катышуучусу. 1918-жылдан Кызыл Армияда. Жарандык согушта Колчак аскерлерине, япон интервенттерине каршы күрөшкөн, Кронштадт козголоңун (1921) басууга катышкан. Аскер академиясынын жогорку курсун бүткөн соң (1926) полктун ж-а дивизиянын командири. 1934-ж. Фрунзе атн. Аскер академиясын бүтүргөн. 1934–41-ж. аткычтар дивизиясынын, корпустун, аскер округдарынын командачысы. Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) мезгилинде 19-армиянын, андан соң Батыш, Калинин, Түн.-Батыш, Талаа, 2-, 1-Украин фронтторунда аскер командачысы. 1945–46-ж. сов. аскерлердин Германиядагы борб. тобунун башкы командачысы ж-а Австрия б-ча жогорку комиссар, 1946–50-ж. кургактагы аскерлердин башкы командачысы, СССР Куралдуу Күчтөр министринин орун басары, 1950–51-ж. Сов. Армиянын башкы инспектору-аскер министринин орун басары, 1955–60-ж. Коргоо министринин 1-орун басары, Варшава келишимине (1955) кирген өлкөлөрдүн бириккен куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы, 1961–62-ж. Германиядагы сов. аскерлер тобунун Башкы командачысы, кийин СССР Коргоо министрлигинде генералдык инспекторлор тобунда ж. б. аскердик жооптуу кызматтарда иштеген. СССР Жогорку Советинин (1–8-шайланышынын) депутаты. Жети Ленин, Октябрь Революциясы, «Жеңиш», үч Кызыл Туу, 1-даражадагы эки Суворов ж-а эки Кутузов, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а чет өлкөлүк он үч орден ж-а медалдар м-н сыйланган. Сөөгү Кремль дубалына коюлган. Туулган жерине коло айкел тургузулуп, Аскер-Деңиз Флоту министрлигинин кемесине, Москва, Донецк, Славянск, Харьков, Черкассы, Кировоград ш-ндагы бирден көчө анын ысмынан аталган.
Ад.: Баскаков В. Е. Маршал Конев. М., 1992; Португальский Р. Маршал Конев. Мастер окружений. М., 2007.