КОНДЕНСАЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОНДЕНСА́ЦИЯ (лат. condensatio – тыгыздалыш, коюуланыш) – газ абалындагы заттын муздатуунун же кысуунун натыйжасында суюк же катуу абалга өтүшү. Буу заттын кризис темп-расынан төмөн учурда К-ланат. К. буунун көлөмүнүн ичинде (бууга газ аралашканда) дагы болот. Көлөмдүү К. башталыш үчүн буу өтө каныккан болушу керек. Буунун өтө каныккан ченеми болуп, анын Р басымынын өзүнүн суюк же катуу фазасы м-н тең салмактуулукта болгон Рк каныккан буунун басымына болгон катышы эсептелинет: E=Р/Р , мында E – буунун өтө каныккандыгынын даражасы. Эгер E>1 болсо, анда буу өтө каныккан, E=1 болсо, буу каныккан буу болот. К-нын башталышы e чоңдугуна, буудагы майда бөлүкчөлөрдүн (аэрозолдор) санына көз каранды. К. учурунда К-лануучу заттан бууланганга кеткен жылуулук саны бөлүнүп чыгат. К. ж-а буулануу жаратылышта суунун айлануусунда ж-а технол. процесстерде ролу чоң. Суу буусунун атм-да К-ланышынан жаан, кар, шүүдүрүм, бубак пайда болот. Жылуулук ж-а атомдук станцияларда иштетилип чыккан суу буусунун К-ланышы төмөнкү басым-да (4 кПага жакын) өтөт. К. муздатуучу маши­нада, газ суюлткучта, туздандыруу ж-а ректификациялоо түзүлүштөрүндө колдонулат. К. учурунда тамчылардын пайда болушу нымдалуучу беттерде ж-а иондордо, мис., Вильсон камерасында жеңил өтөт.