КУЧИЯК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУЧИЯ́К Павел Васильевич [5(17). 3. 1897, Тоолуу Алтай, Куюм кыш. – 2. 7. 1943, ошол эле жер] – алтай акыны, драматург, фольклор жыйноочу, Алтай ад-тын негиздөөчү. Алтай тилиндеги биринчи пьесанын («Күрөш», 1932), биринчи поэманын («Арабачи», 1928, 1933-ж. жарыяланган, алтай аялдарынын оор турмушу ж-дө) автору. К-тын чыгармаларынын негизги темасы – көчмөндөрдүн жашоо-турмушу, Алтайдагы жаңы турмуш, Гражд. жана Улуу Ата мекендик согуш. «Темир ат» аңгемеси (1933),«Чейнеш» (1938), «Өтпөйсүң», «Эки гвардиячы» (экөө тең 1941) пьесалары, Даабы Юдаков менен бирге жазылган «Алтай таңы сөгүлдү» (1934) поэмасы, «Азезил өрөөнү» (1939), «Аза ялан» (1940) повесттери, өмүр баяндык «Ысымы жок» романы (1943, бүтпөй калган) ж. б. чыгармалары бар. Элдик жомокчу Н. У. Улагашевди таап, андан алтай элдик поэзиясынын үлгүлөрүн жазып алып, орус тилине которгон. Алтай профессионал театрынын калыптанышында К-тын пьесаларынын мааниси чоң.
Чыг.: Вечная любовь: стихи, повести, рассказы. Горно-Алтайск, 1997.
Ад.: Каташ С. С. П. В. Кучияк: к 100-летию со дня рождения. Горно-Алтайск, 1997.