КУЧА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КУЧА – Чыгыш Түркстандагы шаар. Кытай тарыхында «Аньси», араб-фарсы жазма маалыматтарында (Худуд ал-алам мин ал-Машрик ила-л-Магриб) «Кусан» [

(k.chan)], Гардизиде «Куча» [ (k.ja)] деген аталышта кездешет. Хань династиясынын (б. з. ч. 3–1-к.) тушунда К. (Кюцы) өз алдынча ээлик болгон. Б. з. 639-ж. Батыш Түрк кагандарынын бири Иби Шаболо Шеху хан өз ордосун Иленин жээгине орнотуп, К. менен бирге Кара-Шаар, Лобнор ж. б. княздыктарды каратып алган. 646-ж. анын ордун ээлеген Иби Шегуй хан кытай императорунун кызынын колун сураган. Император кызынын калыңына К-ны жана Котон, Кашкар ж. б. 5 княздыкты талап кылгандыктан, ал иш жүзүнө ашкан эмес. 843-ж. март-апрель айында кыргыз элчиси (к. Кыргыз-кытай дипломатиялык алакалары) Тапу Алп Солдун (Та-бу Хэцзу, Чжуву Хэ-со) Тан императорунун кабыл алуусунда болгондугу, о. эле кыргыздардын уйгурларга тиешелүү Хэло өзөнүн, К. (Аньси) жана Беш-Балыктагы (Бэйтин) беш уруу элди багын­дырганы ж-дө маалыматтар кездешет. К. ж-дө араб-фарсы тарыхында «Искендердин анонимин­де» жана Махмуд Кашгари («Дивани лугат ат­түрк»), Шараф ад-Дин Йезди («Зафар-Наме»), Абд ар-Раззак Самаркандинин («Матла ас-са Дайн») ж. б. чыгыш авторлорунун эмгектеринде да эскерилет. «Искендердин анониминде» могол (могул, моңол) улусунун (к. Кыргыздар, Моголстан) ханы Шам-и Жахандын К-ны (Кусан) каратып алганы айтылат. 17–18-к-да Цин династиясынын императорлору Канси (1662–1722), Юнчжэн (1723–35), Цяньлундун (1736–95) мезгилинде К. Кытай мамлекетине караган. К. Улуу жибек жолунун боюнда жайгашып, соода-сатык ж. б. жүргүзүүдө маанилүү роль ойногон.

А

д.: Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2003. Т. 1.

Э. Турганбаев.