КУТУРМА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУТУРМА – кишиде жана жаныбарда вирус пайда кылып, нерв системасын катуу жабыркатуучу жугуштуу оору же ылаң. Кишиге оорулуу жаныбар тиштегенде, о. эле тытылган териге, оозго, көзгө шилекей чачыраганда да жугат. Организмге кирген вирус нерв талчалары менен мээге, жүлүнгө барып сезгендирет. Адамда жашыруун мезгили көбүнчө 1–3 айга, кээде 10 күндөн бир жылга чейин созулуп, оорунун алгачкы белгилери тиштелген жерде башталат. Ал жер кычышып, сыздап ооруйт, тырык сезгенет. Кишинин оозу кургап, башы ооруйт, тамак ичкиси келбей, элеңдеп, чочулап, туталанып, уйкусу качат. Мындай абал 1–3 күнгө созулат. Андан ары оорулуу өтө сезгич, коркок болот, сууну көргөндө же ичүүгө аракет кылганда катуу коркуп, калтырап демигет. Аны шамал да күчөтөт. Жарык, катуу добуш, жөтөл, оорулууну кармалоо ж. б. да тездетет. Оорулуу тердейт, шилекейин жута албагандыктан, агып турат. Дарылоо натыйжа бербейт. Оору өтө күчөгөндө, дем алуу органдары шал болуп, жүрөк, дем алуу токтоп, оорулуу өлөт. Алдын алуу үчүн К-га каршы эмдөө жүргүзүлөт. Ит капканда же башка айбандан жабыркаганда, ошол замат врачка кайрылуу керек. М а л д а – катуу кармоочу жугуштуу ылаң; борб. нерв системасын бузат. К-га бардык сүт эмүүчүлөр, куштар чалдыгат. Ылаңдаган мал өлөт. К. бардык өлкөлөрдө бар. Ылаңдуу малда вирус мээде же жүлүндө, кээде ири нерв түйүндөрүндө, канда пайда болот. К. ылаңдаган ит, жапайы айбанат негизинен түлкү, чөө, карышкыр тиштегенде алардын шилекейи аркылуу жугат. Вирус иттин шилекейинде 15 күнгө чейин жашайт. Жашыруун мезгили 1–2 ай, кээде 6 айга чейин созулат. К. ылаңы итте 2 –11, уй менен жылкыда 4–6, чочкодо 2–4 күнгө созулат. Ылаңдын белгилери: мал алсырап, тынчы кетет, көрүнгөндү тиштеп, топурак, булганч чөп-чар, чүпүрөк ж. б. нерселерди жей баштайт; тамагынан суу өтпөй, шилекейи куюлат; качып кетүүгө аракет кылат ж. б. Алдын алуу чаралары: жолбун ит, ээсиз мышыктарды жок кылуу; итти байлоо; малды карышкыр, түлкү ж. б. жырткыч айбанаттардын кол салуусунан сактоо. К. айыкпай турган ылаң, ошондуктан К. болгон малды жок кылуу зарыл.