КУТУРГУ КОЛТУГУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КУТУРГУ КОЛТУГУ – Ысык-Көлдөгү Түп булуңунун түн. жээгиндеги булуңча. Кутургу кыш­нан 0,8 км аралыкта жайгашкан. Голоценде Ысык-Көлдүн деңгээли көтөрүлүп, Кутургу суусу жана анын оң куймасы өрөөндү каптап калуусунан пайда болгон. Туурасы кире беришинде 320 м, эң терең жери 15 м. Түндүктөн түштүккө 650 мге, батыштан чыгышка 800 мге созулат. Таманындагы күкүрттүү суутек жыттанган кара баткакта хара балыры текши өсөт. Чыгыш жээги сайроондуу; суу бетине кальций карбонаты менен камдашкан конгломерат тектери чыгып жатат. Батыш буйткасынын жээги өтө терең. К. к. шамал жана толкундан ыктоо жайгашкандыктан, кеме токтоого ыңгайлуу жай. Батыш жээгинин ооз тарабындагы тумшуктан 250 м аралыкта кеме багыттоочу маяк орнотулган.