КУТУРГУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КУТУРГУ – Ысык-Көл обл-нун Түп р-нундагы кыштак. Кутургу айыл округуна караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түн.-чыгышында, Түп булуңунун түн. жээгинде, Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1650 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыш-нан 15 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 176 км. Кыштак 1911-ж. негизделген. Калкы 1687 (2009); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, мад-т үйү, оорукана, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.