КУТИКУЛА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУТИ́КУЛА (лат. cuticulа – кабык) – жаныбарда эпителий тканынын үстүнөн каптап турган клеткасыз тыгыз түзүлүш. Омурткасыз жандыкта бир катмарлуу каптагыч эпителий – гиподермадан пайда болот да, негизинен коргонуу жана таяныч кызматын аткарат. Муунак буттууларда катып калып, өсүү мезгилинде түлөп түшөт. К-нын курамына минерал заттар, белоктор, хитин жана суу өткөрбөгөн липиддер кирет. Кабырчыктар, чачтар, кылдар, калкандар К-дан келип чыккан. К-да ферменттердин болушу кээ бир ички органдардын ишине жардам берет.
Өсүмдүк К-сы – жер үстүндөгү бөлүгүнүн бардыгын (жалбырак, бутак, жемишин ж. б.) каптап турган май сымал катмар – кутин. Ал өсүмдүккө зыян келтире турган сырткы таасирден сактайт. Кутин эпидермис клеткалары менен синтезделип сыртка чыгат. К. менен кутиндин комплекси целлюлозага кирип, пектин, кутин, мом ж. б. менен бирдикте катмарлуу түзүлүштү пайда кылат.