КУРФЮРСТТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КУРФЮРСТТАР (нем. Kur – шайлоо, Furst – князь) – «Ыйык Рим империясында» 13-к-дан королду шайлоого укуктуу княздар. Трир, Кёльн жана Майнц архиепископтору, Саксония, Пфальц, Бранденбург ак сөөк княздары жана Чехия коро­лу К. болушкан. К-дын укугу жана өзгөчө артыкчылыгы Карл IVнүн Алтын булласы (1356) аркылуу юрид. күчкө ээ болгон. Рейхстагда К. коллегиясы биринчи курияны уюштурган. 1806-ж. империянын жоюлушу менен К. коллегиясы да иштебей калып, алардын титулун формалдуу түрдө Гессен-Касселдин башкаруучулары гана 1866-ж. чейин сактап келишкен.