КУРМАНАЛИЕВ 1: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КУРМАНАЛИЕВ Карыбек Төлөгөнович (17. 1. 1923, азыркы Чүй обл., Москва р-ну, Чоң-Арык кыш. – 1984, Фрунзе) – милициянын генерал-майору (1965).

Кырг-н КП БКга караштуу респ. парт. мектепти (1949), КПСС БКга караш туу Жогорку парт. мектепти (1956) бүткөн. 1942-ж. Сов. Армияга чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка (1941–45) катышкан. 1946–50-ж. жана 1952–56-ж. Кырг-н КП(б) БКнын парт. органдар бөлүмүнүн инструктору, 1951–52-ж. партиянын Жалал-Абад шааркомунун 2-секретары, 1956–61-ж. партиянын Кара-Балта райкомунун 2-, 1-секретары, 1961–72-ж. Кыргыз ССР ички иштер министринин орун басары-кадрлар бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген. Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Чоң-Арык айлындагы бир көчөгө ысмы ыйгарылган.