КУРА-АРАКС ОЙДУҢУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУРА́-АРА́КС ОЙДУҢУ Чоң жана Кичи Кавказ тоолорунун аралыгында, Кура жана Аракс д-нын төмөнкү өрөөндөрүндө, Азербайжан Респ-нын аймагында жайгашкан. Чыгышынан Каспий деңизи менен чулганат. Уз. 250 км. Бийикт. 200 мге чейин, орто жана чыгыш бөлүктөрү деңиз деңг. төмөн жатат. Нефть кени бар. Шыбактуу жана баялыштуу субтропик чөлү кышкы жайыт катары пайдаланылат. Сугат жерлерине пахта, жемиш бактары, жүзүм өстүрүлөт. К.-А. о. – Карабах, Муган, Ширван жана Миль түздүктөрүнө бөлүнөт.