КУПОН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КУПО́Н (фр. coupon – кыркма талон) – 1) процент же дивиденд түрүндөгү тиешелүү кирешенин белгиленген мөөнөтү жеткендигинен улам алууга укукту камтуучу айрыма талон түрүндөгү баалуу кагаздын бир бөлүгү. К. баалуу кагаздарды чыгарган АКга же өкмөткө (эреже катары банк аркылуу) төлөөдө көрсөтүлөт. К. адатта облигацияларга бекитилет– айрым учурларда өз алдынча айланышы мүмкүн. Бирок бардык эле учурларда ал өзү бекитилген облигацияга окшошууга тийиш, төмөнкүдөй тиешелүү реквизиттерди камтыйт: карыздар ишкананын аталышы, облигациянын аталышы жана номери, төлөп жаткан агентчиликтин (банктын) аталышы– К. суммасын, анын иштөө мөөнөтүн, ошол сериянын биринчи купонунан эсептегенде катар номерин ж. б. Кырг-нда К-дор экон. объекттерди, турак-жайды менчиктештирүүдө, ишканалардын акцияларын сатып алууда колдонулган. 2) Украинанын гривенасы киргизилгенге чейинки акча бирдиги.