КУПЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУ́ПЕР Жеймс Фенимор (15. 9. 1789, Нью-Жерcи штаты, Берлингтон – 14. 9. 1851, Нью-Йорк штаты, Куперстаун) – амер. жазуучу, 19-к-дагы америка ад-тынын классиги. 1803–05-ж. Йель коллежинде окуган. Агартуучул салттарды романтизм менен айкалыштырган («Сактык», 1820). Түн. Американы каратуу убагындагы баатырдык жана трагедиялуу окуялар ж-дөгү романдар цикли (Мергенчи Натти Бумно жана анын досу индей Чингачкук жөнүндө бешилтик, а. и. «Пионерлер», 1823; «Могикандардын акыркысы», 1826) жана укмуштуу окуялуу «деңиз романдары» («Лоцман», 1823) дүйнөлүк балдар ад-тынын классикасы болуп калды. «Моникиндер» (1835) социалдык-саясий сатирасы, «Кратер» (1847) аттуу пессимисттик утопиясы, «Шпион» (1820), «Браво» (1831), «Гейденмауэр» (1832) тарыхыйлык, «Землемер» (1845) романдары бар. Айрым чыгармалары экрандаштырылган.
Чыг.: Собр. Соч.: В 9 т. М., 1991–1993.
Ад.: Иванько С. С. Ф. Купер. М., 1991.