КУМДУК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КУМДУК – кумдардын цементтелишинен пайда болгон чөкмө тек. Мында кумдарды бириктирип камдаштыруучу заттарга чопо, акиташ, темир оксиди, опал, халцедон кирет. Минерал­дык курамына карата кварцтуу, аркоздуу, граувактуу түрлөргө бөлүнөт. Көзөнөктүү болсо нефть, суу топтолот. Айрымдарында ири жез кендери жолугат. Курулуш ишинде, тегирмен таш жасоодо, кайрак үчүн колдонулат.