КУМАРИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КУМАРИ́Н – aчуу даамдуу, жаңы чабылган чөп жыттанган түссүз кристаллдар; б. эрүү t 70оC, кайноо t 291оС, спиртте, диэтил эфиринде, эфир майларында жакшы, сууда начар эрийт. Щелочтор менен балкытып эриткенде ажырап, салицил жана уксус к-тала­рынын туздарын пайда кылат; спиртте калыбына келтиргенде, пропанолго айланат. Жумшак шартта катализдик гидрлөө менен дигидро­кумаринге, жарыкта дикумаринге димерленет. К. гликозиддер түрүндө 70ке жакын өсүмдүктүн курамынан табылган. Ө. ж-да салицил альдегидин уксус ангидриди менен конденсациялоодон алынат. К. парфюмерияда, тамекинин жытын жакшыртууда колдонулат.