КУЛДАМА СЫМАП КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУЛДАМА СЫМАП КЕНИ Ош обл-нун Чоң Алай р-нунда, Карамык кыш-нын түш. тарабында, Алай кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндөгү Көк-Суунун алабында, деңиз деңг. 3300–3600 м бийикте. 1957-ж. табылып, 1958–62-ж. жана 1984–87-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен аймагын девон мезгилиндеги акиташ теги менен кумдук-сланецтүү чөкмө-эффузивдүү катмарлар түзөт. Аларды диабаз дайкалары, гранит-диорит массиви, диорит-порфир, кварцтуу порфир тарамдары жиреп чыккан. Катмарлар түн.-батыш тарапка жантайып (60–70°), тектон. жаракалар менен чыгыштан батышка карай төмөндөп кетүүчү үч тектирче тилкеге бөлүнөт. Кен ортоңку тилкедеги акиташ теги менен анын үстүндөгү терриген чөкмөлөрү кошулган жерге топтолгон. Кенташ негизинен киновардан турат да, кварцкарбонат материалдары менен камдашкан акиташсланец брекчияларынын линза түрүндөгү кабатчаларында жайгашкан. Кенде 4 кенташ кабатчасы белгилүү. Киноварь цементтин курамында сейрек, чачыранды жана майда бүртүкчө түрүндө кезигет. Кээде антимонит, өтө аз санда пирит, халькопирит, гематит учурайт. Кенташтагы киновардын өлчөмү 0,01–3,0%. Сымаптын орт. өлчөмү 0,09%. Кенташтын С2 категориясы б-ча запасы 565 миң т, сымап – 531 т, сурьма – 11018 т.