КУ-КЛУКС-КЛАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУ-КЛУКС-КЛАН – АКШдагы расачыл террористтик жашыруун уюм. АКШдагы жарандык согуштан (1861–65) кийин негрлерге жана алардын ак союздаштарына каршы күрөшүү үчүн

1865-ж. Пьюласки ш-нда (Теннеси штаты) түзүлгөн. 19-к-дын 70-жылдарында прогрессчил коомчулуктун кысымы менен амер. өкмөт бул уюмга тыюу салган. Бирок К. к. к. өз ишин жашыруун улантып, 1-дүйнөлүк согуштан (1914–18) кийин, негрлердин боштондук кыймылынын жогорулоо кезинде, 1929–33-жылдардагы дүйнөлүк экон. кризис убагында жана 2- дүйнөлүк согуштан (1939–45) кийинки алгачкы жылдарда кайра күчөгөн. К.-к.-к-дын террорчул аракети АКШдагы прогрессчил уюмдарга каршы багытталган.
Ад.: Иванов Р. Ф., Лисневский Э. В. Ку-Клукс-Клан. М., 1981; Ку-Клукс-Клан. Белое движение в США. М., 2001.