КУЗОРДО: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУЗОРДО , Х о с у н о р д о, Х у с - О р д о – о. кылымдардагы Караханид мамлекетинин борборлорунун бири. В. В. Бартольд кара-кытайлардын гурханы турган ставка (бекем, күчтүү ордо, борбор) же «Хото» («үй») деп эсептеп, аны Чүй суусунун жээгине жайгаштырат. М. Кашгаринин эмгегинде Баласагун ш. К. деп аталып калган. Бирок орду так белгиленген эмес. К-ну араб, фарсы маалыматтарындагы Ордо (Орду) ш. менен салыштырууга болот. Аны Н. А. Бернштам азыркы Кызыл-Суу шаар калдыгы деп болжолдогон. К-нун аталышы о. кылымда кыргыздар сыйынган Куну Куту деген («Худуд ал-Аламда» белгиленгендей хото, хуту – «ажыдаардын мүйүзү» арабча «шахи-и аждаза») белгисиз жаныбардын мүйүзүнө байланыштуу аталган деген ойлор да айтылат. Башка маалыматтар б-ча Кара-Балта суусунун Чүйгө кошулган жерине (Казакстан, Ак-Төбө ш-нын урандысы) жакын орун алышы мүмкүн. Баласагун ш-нын жайгашы тууралуу да айрым карама-каршы көз караштар бар. Кыргыз санжыраларында Баласагун (Баласагын) ш. Сыр-Дарыянын ортонку агымы, б. а. Отор (Отрар) ш-на жакын жайгашканы айтылат.
Ад.: Байпаков К. М. О древних городах Суяб и Баласагун. //Вестник АН Каз.ССР. ¹1, 1976; Горячева В. Д. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли Киргизии. Ф., 1982; Алдабергенов Н. О. Раскопки шахристана на городище Актобе. Средневековые города Южного Казахстана. А.-А., 1986; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана – Б., 1996; Чоротегин Т. К.
Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати т-түрк» сөз жыйнагы (1072–1077). Б., 1997;
Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2. Б., 1998; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана. /Сост. Т. Джуманалиев Т. 1. Б., 2007; Балыкооздун санжырасы. Б., 2009.
Э. Турганбаев.