ЖАЛАЛ-АБАД: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
ЖАЛАЛ-АБАД – Жалал-Абад | ЖАЛАЛ-АБАД – Жалал-Абад облусунун борбору (1991-жылдан); | ||
[[File:ЖАЛАЛ-АБАД23.png | thumb | none | [[File:ЖАЛАЛ-АБАД23.png | thumb | none|Шаардын кире беришиндеги салтанат капкасы. Ал­дыңкы планда Курманбек баатырдын эстелиги.]] | ||
Шаардын кире беришиндеги салтанат капкасы. Ал­дыңкы планда Курманбек баатырдын эстелиги. | |||

1887-жылдан шаар. Чыгарган продукциясынын көлөмү жана өнөр жай потенциа­лы боюнча Кыргызстанда Бишкек, Ош жана Токмоктон кийинки 4-шаар. Көгарт өрөөнүндө, байыркы Улуу Жибек жолунун жана Бишкек – Ош автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Автомо­биль жана темир жолдор тоому. Кыргызстандын борбо­ру – Бишкек шаарынан 560 км түштүк тарапта; Ош шаарына чейин эл аралык эски жол менен (Өзбекстан­дын Ханабат шаары аркылуу) 60 км, жаңы жол менен (Өзгөн шаары аркылуу) 100 км. Шаар аянты 8821 га. Калкы 127 миң (2022). Жалал-Абад шаары – 1924–26-жылдарда округдун, 1926–28-жылдарда кантондун, 1939–59-жылдарда жана 1991-жылдан облустун борбору.
Шаар Фергана өрөөнүнүн бир бөлүгүн түзгөн Көгарт өрөөнүнүн түзөң түштүк-чыгыш чет-жака­сында, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы болгон Айып-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 755 мден (түштүк бөлүгүндө) 800 мге чейинки (түндүк бөлүгүндө) бийиктикте жайгашкан. Шаар жайгашкан аймактын рельефи негизинен түз­дүктүү; түштүк-батышты карай жалпы жантайың­кы. Мында төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон шагылдын үстүн лёсстуу катмар жаап жатат.
Жалал-Абад – Кыргызстандагы эң жылуу жана күнөстүү шаар. Климаты мелүүн континенттик, жер ор­толук деңиздик климатка окшоп кетет. Жайы ысык, кургакчыл, июлдун орточо температурасы 27°С, кышы мелүүн суук, жумшак, январдын орточо темппературасы –4,1°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 490 мм. Күн тийүү узактыгы жылына 2787 саатты түзөт. Түштүк-батыштан жай соккон (0,6 м/сек) шамал үстөмдүк кылат.
Жалал-Абад шаарынын батыш тарабынан Көгарт, чы­гыш тарабынан Чаңгет суулары агып өтөт. Көгарт суусунан ирригациялык көп тармактар башталып, сугат каналдарына таралып кетет. Чаңгеттин суусу сугатка кеңири пайдаланылат.
Шаар жайгашкан аймакта жер астындагы суу­нун запасы да бар. Суу ресурстарынын ичинен маанилүү орунду Айып-Тоонун капталынан чыккан ысык жана минералдык суулар түзөт. Мында 60тан ашык булак бар, алардын 5и ысык (37–42°С), 12си жылуу (20°Сден жогору), калганы муздак бу­лактар. Бул ысык жана минералдык суулардын кендери Орто Азиядагы эң белгилүү Жалал-Абад курортунун (ал шаардан 5 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 984 м бийиктикте жайгашкан) дарылоочу базасы болуп саналат. Курорттон 2,5 км ара­лыктагы 27 РЭ көзөнөгүнүн суусу Жалал-Абад пиво заводу тарабынан «Жалал-Абад» №27 деген ат менен бөтөлкөгө куюлуп, дары-суусундук суу катары соода тармактарына жөнөтүлөт. Курорт­то минералдуу суулардан сырткары, ошондой эле дары баткак (чым көңдүү) да пайдаланылат. Анын кени шаардан 5 км түштүк-чыгыш тарапта, Айып-Тоонун батыш капталында, деңиз деңгээлинен 1070–1075 м бийиктикте жайгашкан.
Шаардын чеги жана Көгарт өрөөнүнүн ага чек­теш аймагы жарым чөл жана кургак талаа ланд­шафттык зоналарында жайгашкан. | |||
'''Калкы.''' Жалал-Абад Октябрь революциясына чейин эле Кыргызстандагы ири шаарлардын бири болгон. 1897- | |||
[[File:ЖАЛАЛ-АБАД24.png | thumb | | [[File:ЖАЛАЛ-АБАД24.png | thumb | | ||
| 22 сап: | 12 сап: | ||
жылкы бүткүл Россиялык эл каттоонун маа­лыматы боюнча Жалал-Абаддын калкы 2713 (анын 1377си эркек, 1336сы аял), 1913-жылы 4,5 миң бол­гон. 2009-жылы шаар калкы 97,2 миң адамга жет­кен; алардын 48,5%ин эркектер, 51,5%ин аял­дар түзөт. Шаарда 30дан ашык улут өкүлдөрү жашайт, анын 45%тейи кыргыздар, 30%тейи өзбектер, 25%тейи башка улуттар.
Шаар калкынын эмгекке жарамдуусу 55,5% (же 45,5 миң адам), экономикалык активдүүсү 28,3% (23,2 миң). Калктын табигый өсүүсү 2000-жылы 1141, миграциянын эсебинен өсүүсү 90 адамды түзгөн. Шаардын экономикасынын реалдуу сек­торунун ишканаларында 2000-жылы 16,7 миң адам иштеген (шаардын эмгек ресурсунун 34,5%и). Анын 41,0%и өнөр жайында, 8,0%и курулушта, 8,5%и транспортто, 25,0%и айыл чарбасында, 17,5%и башка тар­мактарда иштеген. Рыноктук өзгөрүү мезгилинде шаарда соода, кызмат көрсөтүү (мейманкана) ресторан жана башка чөйрөлөрү өнүгө баштады. Соода чөйрөсү рынок шартына тез ылайыкташып кет­ти. Бирок, жумуш менен камсыз кылуунун тар­мак боюнча бөлүнүшү заманбап экономиканын та­лабын толук канааттандыра албайт. | |||
'''Тарыхы.''' Жалал-Абад Фергана облусунун экономика­сына жана социалдык-маданий жашоосуна таа­сир этүүчү ири кыштак катары 19-кылымда белгилүү болгон. Анын соодага ыңгайлуу тогуз жолдун тоомунда жайгашышы, дыйканчылыкка жа­гымдуу шарты, суунун молдугу калкты кы­зыктырып, кыштак тез эле өнүгө баштаган. 19-кылымдын орто ченинде бул жерде кербен сарай болуп, Фергана өрөөнүнүн жана Көгарт, Тогуз-То­ронун калкынын ортосунда мал чарба продук­туларын алмашуучу дүң соода түйүнүнө айлан­ган. 1890–1910-жылдарда Жалал-Абадда болуштук кең­се ачылып, көчөлөр тартипке келтирилген. Поч­та иштей баштаган. Пахта жана башка техникалык, бакча өсүм­дүктөрүн жакшыртуу багытында шаарда «Таж­рыйба» участкасы түзүлгөн. Фельдшердик бөлүм ачылган. Ал эми 1912-жылы 6 орундуу 1-оорукана иштей баштаган. 1914-жылы көпөс Журавлёв 1-жо­лу механикалык тегирмен курган. 1916-жылы Жалал-Абадда 1-банк ачылган, шаарга темир жол жеткирилип, 1916-жылы 1-поезд келген. Шаарда 1917-жылы 17–19-декабрда Совет бийлиги жарыяланган. Кыргызстан Россия­га кошулгандан кийин Жалал-Абад болуштуктун, 1924–28-жылдарда Жалал-Абад округунун борбору бол­гон. 1927–28-жылдарда Жалал-Абад кантону уюшулуп, Айым, Жалал-Абад, Көгарт, Базар-Коргон, Май­кен, Кетмен-Төбө, Кызыл-Жар, Чоң Алай, Чат­кал болуштуктарын бириктирип, борбору Жалал-Абад шаары болгон. 1928-жылы Жалал-Абад кантону Ош кантону менен биригип, Ош округу аталган. 1939–59-жылдарда Жалал-Абад облусунун борбору болгон. 1926-ж. облустук китепкана ачылган. Жалал-Абад шаа­рында көптөгөн белгилүү инсандар жашап, иш­теген. Алар: Төрөкул Айтматов (Жалал-Абад кантонунда жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча төрага; 1926–29), Эргеш Алиев (милициянын ге­нералы), Кубат Жуматаев (Жалал-Абад обком комсомолунун мурдагы катчысы) жана башкалар. 1926-жылы педагогикалык техникум ачылган. Ал 1947–57-жылдарда мугалим­дер институту деп аталган. Учурда ал Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ). 1938-жылы зоологиялык ветеринардык мектеп ачылып, ал 1947-жылы зоо­логиялык ветеринардык техникум болгон. Ошол эле жылы механи­заторлордун мектеби ачылып, 1992-жылдан лицей.
Шаарда пахта тазалоочу (1939), кыш, сүт заводдору, МТС, тери иштетүүчү, кийим тигүүчү цех­тер, эт комбинаты жана башка ишканалар, маданий мекемелер, спорт аянтчалары ачылган. Согуш­тан кийинки жылдары экономикалык жана турмуш-ти­ричилик мекемелери кеңейген. 1947-жылы аэропорт, пиво заводу жана башкалар курулуп, 1950-жылы шаардын өнү­гүшү үчүн 1-генералдык план бекитилген. Облустук керек-жарак коому, Түштүк-Кыргыз жаңгак токой­лору боюнча башкармалык уюштурулуп, кичи ра­йондор пайда болгон. 1960–70-жылдары шаар андан ары өнүктү. «Кыргызмунай» чалгындоо экспедициясы Жалал-Абадда уюштурулуп, облустагы жанар май базалары аныкталды. Избаскенден Жалал-Абадга чейин созулган газ кууру курула баш­тады. Шаардык турмуш-тиричилик комбинаты, жер казуучу техникаларды даярдоочу, насос, ку­рулуш материал чыгаруучу ишканалар, шаар­ды жана облусту (Ош облусун да) суюлтулган газ менен камсыз кылуучу база, мебель фабрикасы жана башкалар бар. Жалал-Абад шаары 1980-жылдары Кыргызстандын өнөр жай жана маданий ири борборлорунун бирине айланды. Ошондой эле пахта тазалоочу завод, кондитер­дик бирикме, мебель жана кийим тигүү фабрикала­ры, жыгаччылык, курулуш материалдар ком­бинаттары, жер казуучу техникаларды ремонт­тоо жана тамеки ферменттөө заводдору бар экономикалык борбор болуп саналат. 1996-жылы Кыргызстанда 1-болуп, нефть продуктула­рын кайра иштетүүчү комбинат, элге керектүү товарларды чыгаруучу эл аралык биргелешкен ишканалар ишке киргизилди. 1993-жылдан университет, коммерциялык институт, окутуунун жаңы тех­нологиясына негизделген лицейлер, Барпы атындагы облустук драма театры, филармония, маданий бор­борлор ачылды. Көп улуттуу шаар болгондук­тан, улуттук-маданий борборлор уюшулган, мез­гилдүү басылмалар чыгат, телекөрсөтүү иштейт. 2001-жылы облуста Курманбек баатырдын 500 жыл­дык мааракеси белгиленген. Салтанатка арна­лып, Жалал-Абад шаарынын кире беришине «Курман­бек – кылымдар мурасы» комплекси, «Фольк­лордук талаа», «Телтору» ат майданы жана башкалар ку­рулган. 2007-жылы Жалал-Абад шаары 125 жылдыгын белгиледи. | |||
'''Экономикасы.''' Жалал-Абад шаары – Кыргызстандагы со­циалдык-экономикалык инфраструктурасы өнүккөн административдик, маданий жана өнөр жайлуу негизги борборлордун бири. Өнөр жай тармактары жана башка мекемелерде иштегендердин саны боюнча Жалал-Абад – Кыргызстандын түш­түгүндөгү 2-ири шаар. Облустун өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 26,7%ин Жалал-Абад шаарынын өнөр жай ишканалары чыгарган товардык продук­ция түзөт, ал эми электр энергия өндүрүшүн кош­пой эсептегенде ал 42,0%ке жетет. Катталган субъектилер менчиктөө формалары боюнча 91,3%и (2624 субъект) жеке менчикке, 5,7%и (165), мамлекеттик жана 3,0%и (85) коммуналык менчикке тиешелүү. Алардын көбүн чакан ишканалар, азыраагын орто жана ири ишканалар түзөт. Чар­ба жүргүзүүчү субъектилердин дээрлик көбү соо- | |||
[[File:ЖАЛАЛ-АБАД25.png | thumb | Шаардагы базар.]] | [[File:ЖАЛАЛ-АБАД25.png | thumb | Шаардагы базар.]] | ||
да, кызмат көрсөтүү, транспорт, | да, кызмат көрсөтүү, транспорт, айыл чарба, өнөр жай жана башка тармактарда катталган.
Өнөр жай продукциясынын басымдуу бөлүгүн отун (57,1%), жеңил (25,0%), ун-аралаш тоют (5,5%), тамак-аш (4,3%), машина куруу жана металл иш­тетүү (1,5%), курулуш материалдары (0,7%), башка өндүрүштөр (5,9%) берет. Шаардагы ири өнөр жай ишканалары: «Кыргыз Петролеум Компа­ни» биргелешкен ишканасы, «Кыргыз пахтасы» ачык акционердик коому, «Айып булак» заводу акционердик коому, «Арак заводу» жабык акционердик коому, «Азрет айып» дан продуктулар комбина­ты акционердик коому, «Ак алтын» биргелешкен ишканасы, «Нур» акционердик коому, «Азиз тамеки», «Мата» акционердик коому жана башкалар. Бул ишканалар пахта буласын (8,1 миң т өндүргөн), ферменттелген тамеки (3,1 миң т), ун (5,2 миң т), суу жана ликёр-алкоголь ичимдиктери (154,7 миң дал), токулбаган кездеме (узундугу 415,2 миң м), туташтыргычтар (151,8 миң даана), жеңил ма­шиналар үчүн тетиктер (54,4 миң даана), бен­зин (46,8 миң т), дизель майы (18,7 миң т), ма­зут (11,2 миң т) өндүргөн. Шаардын өнөр жай ишка­налары консоль насосторун (52 даана), электр­радиаторлорун (220 миң даана), курама-бетон (1,1 миң м3), эмерек (3,3 млн сомдук), шпон (60 миң м2), минералдуу суу (1581,0 миң бөтөлкө), ошондой эле элге кеңири керектелүүчү тигилүү кийим жана трикотаж буюмдарын, эмерек, азык-түлүк товарларын, өсүмдүк майын, кондитер жана ма­карон азыктарын, суусундуктарды, самын жана башкаларды чыгарат (2006).
Шаардын к у р у л у ш к о м п л е к с и н е пахтаны кайра иштетүүчү «Ак алтын» бирге­лешкен ишканасынын имараты (жылдык ку­баттуулугу 12,5 т пахта буласы), жалпы аянты 8675 м2 келген турак-жайлар, салтанат капка­сы жана ат майдан кирет.
Шаарда чет өлкөлүк (АКШ, Канада, Түштүк Ко­рея, Кытай, Түркия, Швейцария, Италия өлкө­лөрүнүн) ири компаниялар жана фирмалар менен биргелешкен 13 ишкана иштеп, чыгарган про­дукцияларын Борбордук Азия өлкөлөрүнө экспорт­тоодо. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы­нын облустук филиалы, «Кыргызөнөржайкурулуш­банк», Ачык типтеги акционердик коому «Эсептешүү-аманат компаниясы», «Кыргызстан», «Дос-Кредобанк», «Автобанк», «Курулуш банк» жана башка банктардын филиалдары иштейт. Мындан сырткары финан­сы уюмдары менен кредиттик линиялардын 18 өкүлчүлүктөрү менен филиалдары бар.
Жалал-Абад шаарынын аймагында т р а н с п о р т ­т у н төрт түрү өнүккөн. Алар – автомобиль, темир жол, аба жана куур транспорту. Булардын ичи­нен маанилүүсү – автомобиль транспорту. Негиз­ги жол тоому катары облусту Кыргызстандын баш­ка аймактары, республиканын борбору – Бишкек шаары, ошондой эле Өзбекстан, Тажикстандын шаар-кыш­тактары менен байланыштырып турат. Ири ма­гистралдары: Жалал-Абад – Бишкек, Жалал-Абад – Ош, Жалал-Абад – Анжиян (Өзбекстан), Жалал-Абад – Токто­гул, Жалал-Абад – Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя, Жалал-Абад – Арстанбап жана башкалар. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 415 км, алардын 70%и асфальттал­ган. Сырткы экономикалык байланыштары негизинен темир жол транспорту менен жүргүзүлөт. Бишкек – Жалал-Абад темир жол тармагы Казакстан, Өзбекстан, Та­жикстандын аймактары аркылуу өтөт. Жүргүнчү жана жүк ташууда а б а т р а н с п о р т у н у н да мааниси чоң. «Жалал-Абад» аэропортунан Бишкек, Каракол, Чолпон-Ата шаарларына жана Ка­зарман кыштагына авиакаттам болуп турат. Г а з к у у р у Кочкор-Ата шаарчасынан Жалал-Абад шаарына жүргүзүлгөн. Магистралдык газ куурунун узундугу 102 км, жогорку басымдуу газ куурунуку 171 км. Жалал-Абадда газ бөлүштүрүүчү 4 тармак жана 50 пункт бар. Шаарда узундугу 10,2 км келген трол­лейбус линиясын куруу пландаштырылууда. Калкты телефон, телеграф байланышы, радио жана телекөрсөтүү менен Жалал-Абад «Кыргызтелеком» ишканасы камсыз кылат. Шаарда эл аралык линияга чыгууну камсыз кыла турган автомат­таштырылган транзиттик түйүн (АТУК), шаар ичиндеги байланыштын 13 миң номурлуу ав­томатташтырылган телефон станциясы иштейт. 1994-жылы америкалык «КАТЕЛ» фирмасы менен уюктук (сотовый) байланыш пайдаланууга берилген. «КАРТ» тибиндеги радиотелефон станциясы көчмө телефондук байланышты камсыз кылат. 1998-жылдан «Интернет» компьютердик бай­ланыш системасы иштөөдө. | ||

«Нур» | |||
чыгарат (2006). | |||

Шаардын к у р у л у ш к о м п л е к с и н е пахтаны кайра иштетүүчү «Ак алтын» бирге­лешкен ишканасынын имараты (жылдык ку­баттуулугу 12,5 т пахта буласы), жалпы аянты 8675 м2 келген турак-жайлар, салтанат капка­сы | |||

Шаарда чет өлкөлүк (АКШ, Канада, | |||
«Автобанк», «Курулуш банк» | |||
өкүлчүлүктөрү | |||

102 км, жогорку басымдуу газ куурунуку | |||
171 км. | |||
«КАРТ» тибиндеги радиотелефон станциясы көчмө телефондук байланышты камсыз кылат. 1998-жылдан «Интернет» компьютердик бай­ланыш системасы иштөөдө. | |||
Шаарда 400дөй соода, коомдук тамактануу жана турмуш-тиричилик кызмат көрсөтүү түйүн­дөрү бар. Борбордук базар (аянты 19800 м2; 501 орун­дуу), Шабдалызар (700 орундуу), «Мадумар ата» фирмасынын (80 орун), «Адилет» (380) жана башка жеке менчик базарлар, ошондой эле 6 чакан базар, 4 ресторан (500 орундуу), «Мөлмөл» мейманкана комплекси (200дөн ашык орун) иштөөдө.
Шаардын алгачкы чеги 1923-жылы апрелде бел­гиленип, ага 12 кыштак кирген. Шаар чегинин узундугу периметр боюнча 14 кмди түзгөн. Шаарда 10 миңдей адам жашаган, 12 көчөсү болгон. Аян­ты 704 ганы түзүп, турак жай фондусу негизи­нен бир кабаттуу үйлөрдөн (жалпы аянты 113 миң м2) туруп, ал эми 2 кабаттуу үйлөр 6 миң м2ди, башкача айтканда 2,4%ти гана түзгөн. Жалал-Абад шаарынын алгачкы башкы планы «Кыргыздолбоор» тара­бынан 1950-жылы иштелип чыгып, кабыл алын­ган; ушул планга ылайык курула баштаган. Учурда шаар эски борбордук бөлүгүнөн сырткары 6 кичи районго бөлүнөт (алар Улуу Ата Мекен­дик согуштан кийин пайда болгон). Шаардын борбордук бөлүгү башкы планга ылайык реконст­рукцияланып, азыр да жаңыланууда. Шаардын чет-жакаларында «Достук», «Жеңиш», «Курман­бек», «Пригородный», «СМУ-городок», «Спут­ник» кичи райондору жана Тайгараев атындагы айыл округунун турак жайлары жайгашкан. К о м ­м у н а л ы к ч а р б а с ы. Жалал-Абад шаарында суу куурунун узундугу 176 км, анын ичинде көчө тармактарынын узундугу 82 км. Суу белгиленген кубаттуулугу сутка­сына 57,2 миң м3 болгон 20 бургулоо көзөнөгү менен алынат. Алар шаардын ар кайсы район­дорундагы 9 насостук станцияда жайгашкан, кубаттуулугу суткасына 2,7 миң м3. Канализа­ция тармактарынын узундугу 60 км, анын ичинде башкы кол­лекторлордуку 30 км, көчө тармактарыныкы 16,5 км, ички кварталдары менен короо жайлар­дыкы 13,5 км. Мындан сырткары шаардын ай­магын селден коргоочу Сел-Арык, Чоң-Арык, Хан-Арык каналдары бар.
Б и л и м б е р ү ү, с а л а м а т т ы к с а к ­т о о жана м а д а н и я т ы. Жалал-Абад – Түштүк Кыргызстандагы маданияттын жана билим берүүнүн ири борбору болуп саналат. 19-кылымдын аягында шаар­да 8 мечит, 2 мектеп болсо, азыр жалпы билим берүүчү 20 мектеп иштеп, анда 20 миңден ашуун окуучу билим алат; 20 бала бакчада 3 миңден ашык бала тарбияланууда. 3 лицей, 2 спорт мек­теби, балдардын экология, край таануу жана техникалык чыгармачылык жана балдарга билим берүү борборлору, балдардын чыгармачылык үйү, кыргыз-түрк лицейи, менчик жана музыкалык (1956-жылдан), сүрөт (1975-жылдан) мектептери, маданият техникуму, медициналык окуу жайы (1939-жылдан), педагогикалык колледж бар; ошондой эле 2 кесиптик-техникалык лицей (1938-жылдан айылдык, 1957–75-жылдарда шаардык кесиптик-техникалык окуу жайы болгон) бар. Жогорку окуу жайлар [Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ), Жалал-Абад коммерциялык институту, Кыргыз-өзбек эл достугу университети, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, КЭУнун, Ош техникалык университетинин филиалдары] жана Жалал-Абад мамлекеттик техникалык институту иштейт. Илимий изилдөө иштерин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнө караган биосфера, энер­гетика жана микроэлектроника институттары, та­биятты коргоо коому жүргүзөт. Жалал-Абад шаарында калкты медициналык жактан тейлөөчү 21 мекеме иштейт, анын 6сы стационар (2000); анда 432 врач (анын 106сы шаар калкын тей­лейт) жана 949 медициналык орто билимдүү кызматкер эм­гектенет. Шаарда облустук бириккен оорукана, облустук балдар ооруканасы (305 орундуу), кургак учук оорусун дарылоо диспансери (1947-жылдан иш­тейт), «Бакыт» балдар реабилитация борбору, 5 бейтапкана, 11 үй-бүлөлүк врачтар тобу, «Дени сак үй-бүлө» борбору, облустук төрөт үйү (130 орун­дуу) иштейт. Шаар калкынын ден соолугун чыңдоодо Жалал-Абад курортунун мааниси зор. Шаарда 7 кинотеатр, облустук китепкана (5 фи­лиалы бар; жалпы китеп фондусу 600 миңден ашык нуска), музей, 3 эс алуу паркы (Токтогул жана Навои атындагы, «Спутник» кичи районунда), 2 стадион, үстү жабык спорт залы, сууда сүзүү үчүн бассейн жана 500 орундуу ден соолук чыңдоо ком­плекси бар. Шаарда 3 тилде 11 гезит чыгат; алар: «Мез­гил үнү», «Голос времени» (шаардык гезиттер), «Акыйкат жарчысы» (кыргыз тилинде), «Жа­лол-Абод тонги» (өзбек тилинде, облустук гезиттер). Облустук телерадиокомпания, 5 коммерциялык те­лекомпания иштейт, аларда берүүлөр кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт. | |||
Ад.: Трунов В. Ф. Жалал-Абад. Хроника событий (1877–1999), даты, цифры, факты. Жалал-Абад. 1999; Жалал-Абад облусу: Энциклопедия. Б., 2003. | |||
Ө. Бараталиев, Т. Кененсариев, А. Мырзаев. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | Ө. Бараталиев, Т. Кененсариев, А. Мырзаев. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
08:22, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛАЛ-АБАД – Жалал-Абад облусунун борбору (1991-жылдан);

1887-жылдан шаар. Чыгарган продукциясынын көлөмү жана өнөр жай потенциалы боюнча Кыргызстанда Бишкек, Ош жана Токмоктон кийинки 4-шаар. Көгарт өрөөнүндө, байыркы Улуу Жибек жолунун жана Бишкек – Ош автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Автомобиль жана темир жолдор тоому. Кыргызстандын борбору – Бишкек шаарынан 560 км түштүк тарапта; Ош шаарына чейин эл аралык эски жол менен (Өзбекстандын Ханабат шаары аркылуу) 60 км, жаңы жол менен (Өзгөн шаары аркылуу) 100 км. Шаар аянты 8821 га. Калкы 127 миң (2022). Жалал-Абад шаары – 1924–26-жылдарда округдун, 1926–28-жылдарда кантондун, 1939–59-жылдарда жана 1991-жылдан облустун борбору.
Шаар Фергана өрөөнүнүн бир бөлүгүн түзгөн Көгарт өрөөнүнүн түзөң түштүк-чыгыш чет-жакасында, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы болгон Айып-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 755 мден (түштүк бөлүгүндө) 800 мге чейинки (түндүк бөлүгүндө) бийиктикте жайгашкан. Шаар жайгашкан аймактын рельефи негизинен түздүктүү; түштүк-батышты карай жалпы жантайыңкы. Мында төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон шагылдын үстүн лёсстуу катмар жаап жатат.
Жалал-Абад – Кыргызстандагы эң жылуу жана күнөстүү шаар. Климаты мелүүн континенттик, жер ортолук деңиздик климатка окшоп кетет. Жайы ысык, кургакчыл, июлдун орточо температурасы 27°С, кышы мелүүн суук, жумшак, январдын орточо темппературасы –4,1°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 490 мм. Күн тийүү узактыгы жылына 2787 саатты түзөт. Түштүк-батыштан жай соккон (0,6 м/сек) шамал үстөмдүк кылат.
Жалал-Абад шаарынын батыш тарабынан Көгарт, чыгыш тарабынан Чаңгет суулары агып өтөт. Көгарт суусунан ирригациялык көп тармактар башталып, сугат каналдарына таралып кетет. Чаңгеттин суусу сугатка кеңири пайдаланылат.
Шаар жайгашкан аймакта жер астындагы суунун запасы да бар. Суу ресурстарынын ичинен маанилүү орунду Айып-Тоонун капталынан чыккан ысык жана минералдык суулар түзөт. Мында 60тан ашык булак бар, алардын 5и ысык (37–42°С), 12си жылуу (20°Сден жогору), калганы муздак булактар. Бул ысык жана минералдык суулардын кендери Орто Азиядагы эң белгилүү Жалал-Абад курортунун (ал шаардан 5 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 984 м бийиктикте жайгашкан) дарылоочу базасы болуп саналат. Курорттон 2,5 км аралыктагы 27 РЭ көзөнөгүнүн суусу Жалал-Абад пиво заводу тарабынан «Жалал-Абад» №27 деген ат менен бөтөлкөгө куюлуп, дары-суусундук суу катары соода тармактарына жөнөтүлөт. Курортто минералдуу суулардан сырткары, ошондой эле дары баткак (чым көңдүү) да пайдаланылат. Анын кени шаардан 5 км түштүк-чыгыш тарапта, Айып-Тоонун батыш капталында, деңиз деңгээлинен 1070–1075 м бийиктикте жайгашкан.
Шаардын чеги жана Көгарт өрөөнүнүн ага чектеш аймагы жарым чөл жана кургак талаа ландшафттык зоналарында жайгашкан.
Калкы. Жалал-Абад Октябрь революциясына чейин эле Кыргызстандагы ири шаарлардын бири болгон. 1897-

жылкы бүткүл Россиялык эл каттоонун маалыматы боюнча Жалал-Абаддын калкы 2713 (анын 1377си эркек, 1336сы аял), 1913-жылы 4,5 миң болгон. 2009-жылы шаар калкы 97,2 миң адамга жеткен; алардын 48,5%ин эркектер, 51,5%ин аялдар түзөт. Шаарда 30дан ашык улут өкүлдөрү жашайт, анын 45%тейи кыргыздар, 30%тейи өзбектер, 25%тейи башка улуттар.
Шаар калкынын эмгекке жарамдуусу 55,5% (же 45,5 миң адам), экономикалык активдүүсү 28,3% (23,2 миң). Калктын табигый өсүүсү 2000-жылы 1141, миграциянын эсебинен өсүүсү 90 адамды түзгөн. Шаардын экономикасынын реалдуу секторунун ишканаларында 2000-жылы 16,7 миң адам иштеген (шаардын эмгек ресурсунун 34,5%и). Анын 41,0%и өнөр жайында, 8,0%и курулушта, 8,5%и транспортто, 25,0%и айыл чарбасында, 17,5%и башка тармактарда иштеген. Рыноктук өзгөрүү мезгилинде шаарда соода, кызмат көрсөтүү (мейманкана) ресторан жана башка чөйрөлөрү өнүгө баштады. Соода чөйрөсү рынок шартына тез ылайыкташып кетти. Бирок, жумуш менен камсыз кылуунун тармак боюнча бөлүнүшү заманбап экономиканын талабын толук канааттандыра албайт.
Тарыхы. Жалал-Абад Фергана облусунун экономикасына жана социалдык-маданий жашоосуна таасир этүүчү ири кыштак катары 19-кылымда белгилүү болгон. Анын соодага ыңгайлуу тогуз жолдун тоомунда жайгашышы, дыйканчылыкка жагымдуу шарты, суунун молдугу калкты кызыктырып, кыштак тез эле өнүгө баштаган. 19-кылымдын орто ченинде бул жерде кербен сарай болуп, Фергана өрөөнүнүн жана Көгарт, Тогуз-Торонун калкынын ортосунда мал чарба продуктуларын алмашуучу дүң соода түйүнүнө айланган. 1890–1910-жылдарда Жалал-Абадда болуштук кеңсе ачылып, көчөлөр тартипке келтирилген. Почта иштей баштаган. Пахта жана башка техникалык, бакча өсүмдүктөрүн жакшыртуу багытында шаарда «Тажрыйба» участкасы түзүлгөн. Фельдшердик бөлүм ачылган. Ал эми 1912-жылы 6 орундуу 1-оорукана иштей баштаган. 1914-жылы көпөс Журавлёв 1-жолу механикалык тегирмен курган. 1916-жылы Жалал-Абадда 1-банк ачылган, шаарга темир жол жеткирилип, 1916-жылы 1-поезд келген. Шаарда 1917-жылы 17–19-декабрда Совет бийлиги жарыяланган. Кыргызстан Россияга кошулгандан кийин Жалал-Абад болуштуктун, 1924–28-жылдарда Жалал-Абад округунун борбору болгон. 1927–28-жылдарда Жалал-Абад кантону уюшулуп, Айым, Жалал-Абад, Көгарт, Базар-Коргон, Майкен, Кетмен-Төбө, Кызыл-Жар, Чоң Алай, Чаткал болуштуктарын бириктирип, борбору Жалал-Абад шаары болгон. 1928-жылы Жалал-Абад кантону Ош кантону менен биригип, Ош округу аталган. 1939–59-жылдарда Жалал-Абад облусунун борбору болгон. 1926-ж. облустук китепкана ачылган. Жалал-Абад шаарында көптөгөн белгилүү инсандар жашап, иштеген. Алар: Төрөкул Айтматов (Жалал-Абад кантонунда жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча төрага; 1926–29), Эргеш Алиев (милициянын генералы), Кубат Жуматаев (Жалал-Абад обком комсомолунун мурдагы катчысы) жана башкалар. 1926-жылы педагогикалык техникум ачылган. Ал 1947–57-жылдарда мугалимдер институту деп аталган. Учурда ал Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ). 1938-жылы зоологиялык ветеринардык мектеп ачылып, ал 1947-жылы зоологиялык ветеринардык техникум болгон. Ошол эле жылы механизаторлордун мектеби ачылып, 1992-жылдан лицей.
Шаарда пахта тазалоочу (1939), кыш, сүт заводдору, МТС, тери иштетүүчү, кийим тигүүчү цехтер, эт комбинаты жана башка ишканалар, маданий мекемелер, спорт аянтчалары ачылган. Согуштан кийинки жылдары экономикалык жана турмуш-тиричилик мекемелери кеңейген. 1947-жылы аэропорт, пиво заводу жана башкалар курулуп, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн 1-генералдык план бекитилген. Облустук керек-жарак коому, Түштүк-Кыргыз жаңгак токойлору боюнча башкармалык уюштурулуп, кичи райондор пайда болгон. 1960–70-жылдары шаар андан ары өнүктү. «Кыргызмунай» чалгындоо экспедициясы Жалал-Абадда уюштурулуп, облустагы жанар май базалары аныкталды. Избаскенден Жалал-Абадга чейин созулган газ кууру курула баштады. Шаардык турмуш-тиричилик комбинаты, жер казуучу техникаларды даярдоочу, насос, курулуш материал чыгаруучу ишканалар, шаарды жана облусту (Ош облусун да) суюлтулган газ менен камсыз кылуучу база, мебель фабрикасы жана башкалар бар. Жалал-Абад шаары 1980-жылдары Кыргызстандын өнөр жай жана маданий ири борборлорунун бирине айланды. Ошондой эле пахта тазалоочу завод, кондитердик бирикме, мебель жана кийим тигүү фабрикалары, жыгаччылык, курулуш материалдар комбинаттары, жер казуучу техникаларды ремонттоо жана тамеки ферменттөө заводдору бар экономикалык борбор болуп саналат. 1996-жылы Кыргызстанда 1-болуп, нефть продуктуларын кайра иштетүүчү комбинат, элге керектүү товарларды чыгаруучу эл аралык биргелешкен ишканалар ишке киргизилди. 1993-жылдан университет, коммерциялык институт, окутуунун жаңы технологиясына негизделген лицейлер, Барпы атындагы облустук драма театры, филармония, маданий борборлор ачылды. Көп улуттуу шаар болгондуктан, улуттук-маданий борборлор уюшулган, мезгилдүү басылмалар чыгат, телекөрсөтүү иштейт. 2001-жылы облуста Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракеси белгиленген. Салтанатка арналып, Жалал-Абад шаарынын кире беришине «Курманбек – кылымдар мурасы» комплекси, «Фольклордук талаа», «Телтору» ат майданы жана башкалар курулган. 2007-жылы Жалал-Абад шаары 125 жылдыгын белгиледи.
Экономикасы. Жалал-Абад шаары – Кыргызстандагы социалдык-экономикалык инфраструктурасы өнүккөн административдик, маданий жана өнөр жайлуу негизги борборлордун бири. Өнөр жай тармактары жана башка мекемелерде иштегендердин саны боюнча Жалал-Абад – Кыргызстандын түштүгүндөгү 2-ири шаар. Облустун өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 26,7%ин Жалал-Абад шаарынын өнөр жай ишканалары чыгарган товардык продукция түзөт, ал эми электр энергия өндүрүшүн кошпой эсептегенде ал 42,0%ке жетет. Катталган субъектилер менчиктөө формалары боюнча 91,3%и (2624 субъект) жеке менчикке, 5,7%и (165), мамлекеттик жана 3,0%и (85) коммуналык менчикке тиешелүү. Алардын көбүн чакан ишканалар, азыраагын орто жана ири ишканалар түзөт. Чарба жүргүзүүчү субъектилердин дээрлик көбү соо-

да, кызмат көрсөтүү, транспорт, айыл чарба, өнөр жай жана башка тармактарда катталган.
Өнөр жай продукциясынын басымдуу бөлүгүн отун (57,1%), жеңил (25,0%), ун-аралаш тоют (5,5%), тамак-аш (4,3%), машина куруу жана металл иштетүү (1,5%), курулуш материалдары (0,7%), башка өндүрүштөр (5,9%) берет. Шаардагы ири өнөр жай ишканалары: «Кыргыз Петролеум Компани» биргелешкен ишканасы, «Кыргыз пахтасы» ачык акционердик коому, «Айып булак» заводу акционердик коому, «Арак заводу» жабык акционердик коому, «Азрет айып» дан продуктулар комбинаты акционердик коому, «Ак алтын» биргелешкен ишканасы, «Нур» акционердик коому, «Азиз тамеки», «Мата» акционердик коому жана башкалар. Бул ишканалар пахта буласын (8,1 миң т өндүргөн), ферменттелген тамеки (3,1 миң т), ун (5,2 миң т), суу жана ликёр-алкоголь ичимдиктери (154,7 миң дал), токулбаган кездеме (узундугу 415,2 миң м), туташтыргычтар (151,8 миң даана), жеңил машиналар үчүн тетиктер (54,4 миң даана), бензин (46,8 миң т), дизель майы (18,7 миң т), мазут (11,2 миң т) өндүргөн. Шаардын өнөр жай ишканалары консоль насосторун (52 даана), электррадиаторлорун (220 миң даана), курама-бетон (1,1 миң м3), эмерек (3,3 млн сомдук), шпон (60 миң м2), минералдуу суу (1581,0 миң бөтөлкө), ошондой эле элге кеңири керектелүүчү тигилүү кийим жана трикотаж буюмдарын, эмерек, азык-түлүк товарларын, өсүмдүк майын, кондитер жана макарон азыктарын, суусундуктарды, самын жана башкаларды чыгарат (2006).
Шаардын к у р у л у ш к о м п л е к с и н е пахтаны кайра иштетүүчү «Ак алтын» биргелешкен ишканасынын имараты (жылдык кубаттуулугу 12,5 т пахта буласы), жалпы аянты 8675 м2 келген турак-жайлар, салтанат капкасы жана ат майдан кирет.
Шаарда чет өлкөлүк (АКШ, Канада, Түштүк Корея, Кытай, Түркия, Швейцария, Италия өлкөлөрүнүн) ири компаниялар жана фирмалар менен биргелешкен 13 ишкана иштеп, чыгарган продукцияларын Борбордук Азия өлкөлөрүнө экспорттоодо. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облустук филиалы, «Кыргызөнөржайкурулушбанк», Ачык типтеги акционердик коому «Эсептешүү-аманат компаниясы», «Кыргызстан», «Дос-Кредобанк», «Автобанк», «Курулуш банк» жана башка банктардын филиалдары иштейт. Мындан сырткары финансы уюмдары менен кредиттик линиялардын 18 өкүлчүлүктөрү менен филиалдары бар.
Жалал-Абад шаарынын аймагында т р а н с п о р т т у н төрт түрү өнүккөн. Алар – автомобиль, темир жол, аба жана куур транспорту. Булардын ичинен маанилүүсү – автомобиль транспорту. Негизги жол тоому катары облусту Кыргызстандын башка аймактары, республиканын борбору – Бишкек шаары, ошондой эле Өзбекстан, Тажикстандын шаар-кыштактары менен байланыштырып турат. Ири магистралдары: Жалал-Абад – Бишкек, Жалал-Абад – Ош, Жалал-Абад – Анжиян (Өзбекстан), Жалал-Абад – Токтогул, Жалал-Абад – Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя, Жалал-Абад – Арстанбап жана башкалар. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 415 км, алардын 70%и асфальтталган. Сырткы экономикалык байланыштары негизинен темир жол транспорту менен жүргүзүлөт. Бишкек – Жалал-Абад темир жол тармагы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын аймактары аркылуу өтөт. Жүргүнчү жана жүк ташууда а б а т р а н с п о р т у н у н да мааниси чоң. «Жалал-Абад» аэропортунан Бишкек, Каракол, Чолпон-Ата шаарларына жана Казарман кыштагына авиакаттам болуп турат. Г а з к у у р у Кочкор-Ата шаарчасынан Жалал-Абад шаарына жүргүзүлгөн. Магистралдык газ куурунун узундугу 102 км, жогорку басымдуу газ куурунуку 171 км. Жалал-Абадда газ бөлүштүрүүчү 4 тармак жана 50 пункт бар. Шаарда узундугу 10,2 км келген троллейбус линиясын куруу пландаштырылууда. Калкты телефон, телеграф байланышы, радио жана телекөрсөтүү менен Жалал-Абад «Кыргызтелеком» ишканасы камсыз кылат. Шаарда эл аралык линияга чыгууну камсыз кыла турган автоматташтырылган транзиттик түйүн (АТУК), шаар ичиндеги байланыштын 13 миң номурлуу автоматташтырылган телефон станциясы иштейт. 1994-жылы америкалык «КАТЕЛ» фирмасы менен уюктук (сотовый) байланыш пайдаланууга берилген. «КАРТ» тибиндеги радиотелефон станциясы көчмө телефондук байланышты камсыз кылат. 1998-жылдан «Интернет» компьютердик байланыш системасы иштөөдө.
Шаарда 400дөй соода, коомдук тамактануу жана турмуш-тиричилик кызмат көрсөтүү түйүндөрү бар. Борбордук базар (аянты 19800 м2; 501 орундуу), Шабдалызар (700 орундуу), «Мадумар ата» фирмасынын (80 орун), «Адилет» (380) жана башка жеке менчик базарлар, ошондой эле 6 чакан базар, 4 ресторан (500 орундуу), «Мөлмөл» мейманкана комплекси (200дөн ашык орун) иштөөдө.
Шаардын алгачкы чеги 1923-жылы апрелде белгиленип, ага 12 кыштак кирген. Шаар чегинин узундугу периметр боюнча 14 кмди түзгөн. Шаарда 10 миңдей адам жашаган, 12 көчөсү болгон. Аянты 704 ганы түзүп, турак жай фондусу негизинен бир кабаттуу үйлөрдөн (жалпы аянты 113 миң м2) туруп, ал эми 2 кабаттуу үйлөр 6 миң м2ди, башкача айтканда 2,4%ти гана түзгөн. Жалал-Абад шаарынын алгачкы башкы планы «Кыргыздолбоор» тарабынан 1950-жылы иштелип чыгып, кабыл алынган; ушул планга ылайык курула баштаган. Учурда шаар эски борбордук бөлүгүнөн сырткары 6 кичи районго бөлүнөт (алар Улуу Ата Мекендик согуштан кийин пайда болгон). Шаардын борбордук бөлүгү башкы планга ылайык реконструкцияланып, азыр да жаңыланууда. Шаардын чет-жакаларында «Достук», «Жеңиш», «Курманбек», «Пригородный», «СМУ-городок», «Спутник» кичи райондору жана Тайгараев атындагы айыл округунун турак жайлары жайгашкан. К о м м у н а л ы к ч а р б а с ы. Жалал-Абад шаарында суу куурунун узундугу 176 км, анын ичинде көчө тармактарынын узундугу 82 км. Суу белгиленген кубаттуулугу суткасына 57,2 миң м3 болгон 20 бургулоо көзөнөгү менен алынат. Алар шаардын ар кайсы райондорундагы 9 насостук станцияда жайгашкан, кубаттуулугу суткасына 2,7 миң м3. Канализация тармактарынын узундугу 60 км, анын ичинде башкы коллекторлордуку 30 км, көчө тармактарыныкы 16,5 км, ички кварталдары менен короо жайлардыкы 13,5 км. Мындан сырткары шаардын аймагын селден коргоочу Сел-Арык, Чоң-Арык, Хан-Арык каналдары бар.
Б и л и м б е р ү ү, с а л а м а т т ы к с а к т о о жана м а д а н и я т ы. Жалал-Абад – Түштүк Кыргызстандагы маданияттын жана билим берүүнүн ири борбору болуп саналат. 19-кылымдын аягында шаарда 8 мечит, 2 мектеп болсо, азыр жалпы билим берүүчү 20 мектеп иштеп, анда 20 миңден ашуун окуучу билим алат; 20 бала бакчада 3 миңден ашык бала тарбияланууда. 3 лицей, 2 спорт мектеби, балдардын экология, край таануу жана техникалык чыгармачылык жана балдарга билим берүү борборлору, балдардын чыгармачылык үйү, кыргыз-түрк лицейи, менчик жана музыкалык (1956-жылдан), сүрөт (1975-жылдан) мектептери, маданият техникуму, медициналык окуу жайы (1939-жылдан), педагогикалык колледж бар; ошондой эле 2 кесиптик-техникалык лицей (1938-жылдан айылдык, 1957–75-жылдарда шаардык кесиптик-техникалык окуу жайы болгон) бар. Жогорку окуу жайлар [Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ), Жалал-Абад коммерциялык институту, Кыргыз-өзбек эл достугу университети, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, КЭУнун, Ош техникалык университетинин филиалдары] жана Жалал-Абад мамлекеттик техникалык институту иштейт. Илимий изилдөө иштерин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнө караган биосфера, энергетика жана микроэлектроника институттары, табиятты коргоо коому жүргүзөт. Жалал-Абад шаарында калкты медициналык жактан тейлөөчү 21 мекеме иштейт, анын 6сы стационар (2000); анда 432 врач (анын 106сы шаар калкын тейлейт) жана 949 медициналык орто билимдүү кызматкер эмгектенет. Шаарда облустук бириккен оорукана, облустук балдар ооруканасы (305 орундуу), кургак учук оорусун дарылоо диспансери (1947-жылдан иштейт), «Бакыт» балдар реабилитация борбору, 5 бейтапкана, 11 үй-бүлөлүк врачтар тобу, «Дени сак үй-бүлө» борбору, облустук төрөт үйү (130 орундуу) иштейт. Шаар калкынын ден соолугун чыңдоодо Жалал-Абад курортунун мааниси зор. Шаарда 7 кинотеатр, облустук китепкана (5 филиалы бар; жалпы китеп фондусу 600 миңден ашык нуска), музей, 3 эс алуу паркы (Токтогул жана Навои атындагы, «Спутник» кичи районунда), 2 стадион, үстү жабык спорт залы, сууда сүзүү үчүн бассейн жана 500 орундуу ден соолук чыңдоо комплекси бар. Шаарда 3 тилде 11 гезит чыгат; алар: «Мезгил үнү», «Голос времени» (шаардык гезиттер), «Акыйкат жарчысы» (кыргыз тилинде), «Жалол-Абод тонги» (өзбек тилинде, облустук гезиттер). Облустук телерадиокомпания, 5 коммерциялык телекомпания иштейт, аларда берүүлөр кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт.
Ад.: Трунов В. Ф. Жалал-Абад. Хроника событий (1877–1999), даты, цифры, факты. Жалал-Абад. 1999; Жалал-Абад облусу: Энциклопедия. Б., 2003.
Ө. Бараталиев, Т. Кененсариев, А. Мырзаев.