ЖАЙЛОО: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАЙЛОО</b> – жайкы конуш, мал жайыты. | <b type='title'>ЖАЙЛОО</b> – жайкы конуш, мал жайыты. Жайлоого абасы салкын, чөбү мол, суусу кенен жерлер тандалат. Жайлоо ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Ички жайлоого бөксө тоолордогу, сырткы жайлоого алыс­кы бийик тоолордогу (Ысык-Көлдүн сырты) жайыттар кирет. Жайлоонун чөбү жагымдуу жана сиңимдүү болгондуктан, мал тез эттенип, орга­низми чың болот. Жайлоодо негизинен бетеге, шы­бак, доңуз сырты, тулаң жана башка ар түрдүү чөптөр өсөт. Алардын курамында 8–10% протеин кар­малат. Кыргызстандын жайлоолору деңиз деңгээлинен 2500–3000 <i>м</i> бийиктикте орун алган, мисалы, Ак-Сай, | ||
өсөт. Алардын курамында 8–10% протеин кар­малат. | |||
[[File:ЖАЙЛОО9.png | thumb | Суусамырдагы Чоң-Корумду жайлоосу.]] | [[File:ЖАЙЛОО9.png | thumb | Суусамырдагы Чоң-Корумду жайлоосу.]] | ||
Арпа, Кара-Төр, Көлтөр, Ашуу-Төр | Арпа, Кара-Төр, Көлтөр, Ашуу-Төр жана башкалар. Би­йик тоо арасы төр, ат жайлоо делет. Жайлоолордун чөбүнүн түшүмдүүлүгү бирдей эмес, мисалы, ат жайлоолордо гектарынан 1,1 <i>ц</i>ден 14,9 <i>ц</i>ге чейин, бөксө тоолуу жайлоодон 5,3–18,3 <i>ц</i>ден чөп алынат. Жайлоо чөбү өсүп, сабак байлардын астында малга жегиликтүү, гүлдөп баш алганда күчтүү келет. Бөксө жайлоолордогу 1 <i>ц</i> кургак чөптө 45–80 тоют бирдиги, 7–10 <i>кг</i> сиңимдүү белок болот. Жайлоо чө­бүндө йод аз. Жайлоо ар кандай бийиктикте болгон­дуктан, бийик тоолуу жайлоого кой, бөксө тоолорго уй менен жылкы жаюу сунуш кылынат. | ||
чөбүнүн түшүмдүүлүгү бирдей эмес, | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
05:49, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЙЛОО – жайкы конуш, мал жайыты. Жайлоого абасы салкын, чөбү мол, суусу кенен жерлер тандалат. Жайлоо ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Ички жайлоого бөксө тоолордогу, сырткы жайлоого алыскы бийик тоолордогу (Ысык-Көлдүн сырты) жайыттар кирет. Жайлоонун чөбү жагымдуу жана сиңимдүү болгондуктан, мал тез эттенип, организми чың болот. Жайлоодо негизинен бетеге, шыбак, доңуз сырты, тулаң жана башка ар түрдүү чөптөр өсөт. Алардын курамында 8–10% протеин кармалат. Кыргызстандын жайлоолору деңиз деңгээлинен 2500–3000 м бийиктикте орун алган, мисалы, Ак-Сай,

Арпа, Кара-Төр, Көлтөр, Ашуу-Төр жана башкалар. Бийик тоо арасы төр, ат жайлоо делет. Жайлоолордун чөбүнүн түшүмдүүлүгү бирдей эмес, мисалы, ат жайлоолордо гектарынан 1,1 цден 14,9 цге чейин, бөксө тоолуу жайлоодон 5,3–18,3 цден чөп алынат. Жайлоо чөбү өсүп, сабак байлардын астында малга жегиликтүү, гүлдөп баш алганда күчтүү келет. Бөксө жайлоолордогу 1 ц кургак чөптө 45–80 тоют бирдиги, 7–10 кг сиңимдүү белок болот. Жайлоо чөбүндө йод аз. Жайлоо ар кандай бийиктикте болгондуктан, бийик тоолуу жайлоого кой, бөксө тоолорго уй менен жылкы жаюу сунуш кылынат.