ЖЕТИ-ШААР (мамлекет): нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕТИ-ШААР</b> – | <b type='title'>ЖЕТИ-ШААР</b> – 1864–1877-жылдарда [[Чыгыш Түркстан|Чыгыш Түркстан­]]дагы мусулман мамлекети. Жети-Шаар мамлекетинин түзүлүшүнө 1864-жылы 7-июнга караган түнү Куча шаарында кытай эзүүсүнө каршы башталган дунган, уйгурлардын (кара: [[Дунган көтөрүлүшү]]<i>,</i> [[Дунган хандыгы]]) кезектеги көтөрүлүшү себеп болгон. Ал көтөрүлүштү Чыгыш Түркстандын башка шаарла­ры да колдоп, тез эле башка шаарларга жайыла баштаган. Көтөрүлүштүн негизги ролун [[ислам]] дини ойноп, кучалык көтөрүлүшчүлөр «Канко­жо» («Хан-кожо») деген ат менен кара тоолук со­пулардын (кара: [[Исхакийа тарикаты]]) өкүлү Рашид-ад-динди хан жарыялашкан, бирок Каш­кар, Жаркен (Жаркент), Котон (Хотан) шаарларынын көтөрүлүшчүлөрү аны хан деп таануудан баш тартышкан. Натыйжада, Канкожо өзүнүн туу­су алдында жыйылган бир нече жүз колду ини­си Искак кожого башкартып, чыгышка аттан­дырган. Искактын колу адегенде императордун 300 араба ок-дары, 470 замбиреги м-н 24000 ас­керин, кийин 10 000 аскерден турган экинчи колун талкалап, Кара-Шаар, Турпанды, 1866-жылы 5-майда Комулду (Хами), ал эми батышка ат­тандырган колу Бай, Жам, Ак-Суу, Үч-Турпан­ды алган. Көп өтпөй Үч-Турпанда буларга кар­шы жергиликтүү бийлер Мухаммед казы, Молдо Эмин шайык ж. б. башчылык кылган көтөрүлүш баш­талып, аларга кыргыздар да кошулган. Бирок көтөрүлүшчүлөр тез эле жеңилип, аман калган­дардын көбү Иле тарапка жана Кашкардын бийи Сыдыкбектин алдына качышкан. Чыгыш Түркстандагы Сыдыкбек башкарган Кашкар жана Убайдулланын кол алдындагы Котон шаарынан башкасы Канкожонун колуна өткөн соң, Сы­дыкбек [[Кокон хандыгы]]нда Цин өкмөтүнөн жа­шырынып жүргөн актоолук (кара: <i>«</i>[[Ышкиййа тарикаты|Ышкиййа та­рикаты]]<i>»)</i> [[Жааңгер кожо]]нун тукуму Бузурук кожону Кашкарга чакыртып, бийлигин өткөрүп берген (1864). Бузурук кожо [[Йакуб бек]]ти баатыр башы кызматына дайындаган. 1867-жылы июлда Жаркент (Йаркенд) жана Кучанын алдында­гы салгылашууда кара тоолук сопулар же­ңилүүгө дуушар болгон. Көп узабай Йакуб бек бийликти тартып алып, согушсуз Котон шаарын ээлеп, Убайдулланы өлүм жазасына буюруп, Бу­зурук кожону күчкө салып [[Меке]]ге зыяратка жөнөткөн. Натыйжада Чыгыш Түркстанда Йа­куб бек башында турган Кашкар, Жаркен, Ко­тон, Куча, Ак-Суу, Кара-Шаар, Турпанды ку­чагына алган Жети-Шаар мамлекети түзүлгөн. 1877-жылы [[Цин империясы]]нын аскери Чыгыш Түркстанга кириши менен Жети-Шаар мамлекети өз жашоосун ток­тоткон. | ||
Ад.: <i>Куропаткин А</i>. Кашгария. СПб., 1879; <i>Тихо­нов Д. И.</i> Восстание 1864 г. в Восточном Туркестане. М., 1948; <i>Исиев Д. А.</i> Уйгурское государство Йетти­шар. М., 1981; <i>Кузнецов В. С.</i> Империя Цин и му­сульманский мир. Новосибирск, 1990; <i>Солтоноев Б</i>. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993. | |||
<i>Э. Турганбаев.</i> | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
03:03, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕТИ-ШААР – 1864–1877-жылдарда Чыгыш Түркстандагы мусулман мамлекети. Жети-Шаар мамлекетинин түзүлүшүнө 1864-жылы 7-июнга караган түнү Куча шаарында кытай эзүүсүнө каршы башталган дунган, уйгурлардын (кара: Дунган көтөрүлүшү, Дунган хандыгы) кезектеги көтөрүлүшү себеп болгон. Ал көтөрүлүштү Чыгыш Түркстандын башка шаарлары да колдоп, тез эле башка шаарларга жайыла баштаган. Көтөрүлүштүн негизги ролун ислам дини ойноп, кучалык көтөрүлүшчүлөр «Канкожо» («Хан-кожо») деген ат менен кара тоолук сопулардын (кара: Исхакийа тарикаты) өкүлү Рашид-ад-динди хан жарыялашкан, бирок Кашкар, Жаркен (Жаркент), Котон (Хотан) шаарларынын көтөрүлүшчүлөрү аны хан деп таануудан баш тартышкан. Натыйжада, Канкожо өзүнүн туусу алдында жыйылган бир нече жүз колду иниси Искак кожого башкартып, чыгышка аттандырган. Искактын колу адегенде императордун 300 араба ок-дары, 470 замбиреги м-н 24000 аскерин, кийин 10 000 аскерден турган экинчи колун талкалап, Кара-Шаар, Турпанды, 1866-жылы 5-майда Комулду (Хами), ал эми батышка аттандырган колу Бай, Жам, Ак-Суу, Үч-Турпанды алган. Көп өтпөй Үч-Турпанда буларга каршы жергиликтүү бийлер Мухаммед казы, Молдо Эмин шайык ж. б. башчылык кылган көтөрүлүш башталып, аларга кыргыздар да кошулган. Бирок көтөрүлүшчүлөр тез эле жеңилип, аман калгандардын көбү Иле тарапка жана Кашкардын бийи Сыдыкбектин алдына качышкан. Чыгыш Түркстандагы Сыдыкбек башкарган Кашкар жана Убайдулланын кол алдындагы Котон шаарынан башкасы Канкожонун колуна өткөн соң, Сыдыкбек Кокон хандыгында Цин өкмөтүнөн жашырынып жүргөн актоолук (кара: «Ышкиййа тарикаты») Жааңгер кожонун тукуму Бузурук кожону Кашкарга чакыртып, бийлигин өткөрүп берген (1864). Бузурук кожо Йакуб бекти баатыр башы кызматына дайындаган. 1867-жылы июлда Жаркент (Йаркенд) жана Кучанын алдындагы салгылашууда кара тоолук сопулар жеңилүүгө дуушар болгон. Көп узабай Йакуб бек бийликти тартып алып, согушсуз Котон шаарын ээлеп, Убайдулланы өлүм жазасына буюруп, Бузурук кожону күчкө салып Мекеге зыяратка жөнөткөн. Натыйжада Чыгыш Түркстанда Йакуб бек башында турган Кашкар, Жаркен, Котон, Куча, Ак-Суу, Кара-Шаар, Турпанды кучагына алган Жети-Шаар мамлекети түзүлгөн. 1877-жылы Цин империясынын аскери Чыгыш Түркстанга кириши менен Жети-Шаар мамлекети өз жашоосун токтоткон.
Ад.: Куропаткин А. Кашгария. СПб., 1879; Тихонов Д. И. Восстание 1864 г. в Восточном Туркестане. М., 1948; Исиев Д. А. Уйгурское государство Йеттишар. М., 1981; Кузнецов В. С. Империя Цин и мусульманский мир. Новосибирск, 1990; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993.
Э. Турганбаев.