КЛИЧКО Владимир Владимирович: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Dilde moved page КЛИЧКО to КЛИЧКО Владимир Владимирович) |
(Айырма жок)
| |
08:30, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЛИЧКО́ Владимир Владимирович (25. 3. 1976- жылы туулгант, Казакстан, Солнечный шаарчасы) – украиналык профессионал бокс чебери. Бир тууган Кличколордун кичүүсү. Олимпия оюндарынын (1996, Атланта), жаштар арасында Европанын ж-а Украинанын 5 жолку оор салмактагы чемпиону. WBO (2000–2003), IBF ж-а IBO (2006–2007) версиялары боюнча профессионалдар арасында дүйнөнүн чемпиону. Ошондой эле Европанын профессионалдар арасында чемпиону. Өзүнүн профессионалдык баскычын Кличко улуу агасы м-н бирге 1996-жылы Гамбургдун Universum Box Promotion (Германия) клубунда баштап, Р. Пьюрити, Ф. Жексон, К. Бёрд, Ф. Бота, К. Сандерс, Л. Брюстер ж. б. бокс чеберлери м-н таймашкан.