КОМБАЙН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОМБА́ЙН</b> (англ. сombine, сөзмө сөз – бирик­тирүү, туташтыруу) – бир эле мезгилде ар кан­дай операцияларды аткаруучу татаал агрегат.<br> | <b type='title'>КОМБА́ЙН</b> (англ. сombine, сөзмө сөз – бирик­тирүү, туташтыруу) – бир эле мезгилде ар кан­дай операцияларды аткаруучу татаал агрегат.<br>К-дын төмөнкүдөй түрлөрү бар: дан комбайны, жүгөрү | ||
К-дын төмөнкүдөй түрлөрү бар: дан | |||
[[File:КОМБАЙН23.png | thumb | none]] | [[File:КОМБАЙН23.png | thumb | none]] | ||
комбайны, силос комбайны, кен казуучу <i>тоо-кен комбайны</i> ж. б. Д а н комбайны – дан эгиндерин чаап, басты­рып, саман, топонун чөмөлөп кетүүчү машина. Комбайнды атайын кошумча шайман м-н жабдып, ча­нактуу, техникалык ж. б. өсүмдүктөрдү чаап, бастыруу­га болот. Комбайндын чиркелме, асма ж-а өзү жүрүүчү түрлөрү бар. Чиркелме комбайндын иштөөчү тетикте­ри комбайнга орнотулган кыймылдаткычтын же трак­тордун кубат берүүчү валынын жардамы м-н иштейт. Өзү жүрүүчү клмбайн өз кыймылдаткычы м-н иштейт. Асма комбайн өзү жүрүүчү шассиге орно­тулат. Комбайн жантайма камералуу хедер, дан чап­кыч, бастыргыч, тазалагыч, кызылдагыч, транс­портёр, бункер, чөмөлөгүч, жүрүү системасы (же­телөөчү алдынкы дөңгөлөк ж-а арткы башка­руучу дөңгөлөк), кыймылдаткыч кабина, электр ж-а гидрожабдуулар, башкаруу ж-а сигнал бе­рүү тетиктеринен турат. Алгачкы комбайн АКШда 19- кылымдын аягында жасалган. Ал жыгачтан жасал­ып, эпсиз, оор болуп, 20–30 ат чегилген. Комбайн 20- кылымдын башында өркүндөтүлүп, жыгач – металл м-н, ат – локомобиль, трактор м-н алмашты­рылып, кыймылдаткыч орнотулган. СССРде С-6, өзү жүрүүчү С-4, СК-5, «Нива», СК -6, «Колос», «Дон-1200»,«Дон-1500» ж. б. комбайндар чыгарылган. Бул комбайндар­дын базасында чанактуу дан өсүмдүктөрүн жый­ноочу жалпак тамандуу СКП-4, шалы оруп-жыйн­оочу СКП-6Р, СКД-5Р, СК-5Р, ошондой эле НК-4 ж. б. асма комбайндар жасалган. | |||
ж. б. Д а н | |||
м-н, ат – локомобиль, трактор м-н алмашты­рылып, кыймылдаткыч орнотулган. СССРде С-6, өзү жүрүүчү С- | |||
«Дон-1500» ж. б. | |||
асма | |||
Ад.: Сельскохозяйственная техника и технология./Под ред. И. А. Синицина. М., 2006. | |||
Ад.: Сельскохозяйственная техника и технология | |||
/Под ред. И. А. Синицина. М., 2006. | |||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
09:04, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОМБА́ЙН (англ. сombine, сөзмө сөз – бириктирүү, туташтыруу) – бир эле мезгилде ар кандай операцияларды аткаруучу татаал агрегат.
К-дын төмөнкүдөй түрлөрү бар: дан комбайны, жүгөрү

комбайны, силос комбайны, кен казуучу тоо-кен комбайны ж. б. Д а н комбайны – дан эгиндерин чаап, бастырып, саман, топонун чөмөлөп кетүүчү машина. Комбайнды атайын кошумча шайман м-н жабдып, чанактуу, техникалык ж. б. өсүмдүктөрдү чаап, бастырууга болот. Комбайндын чиркелме, асма ж-а өзү жүрүүчү түрлөрү бар. Чиркелме комбайндын иштөөчү тетиктери комбайнга орнотулган кыймылдаткычтын же трактордун кубат берүүчү валынын жардамы м-н иштейт. Өзү жүрүүчү клмбайн өз кыймылдаткычы м-н иштейт. Асма комбайн өзү жүрүүчү шассиге орнотулат. Комбайн жантайма камералуу хедер, дан чапкыч, бастыргыч, тазалагыч, кызылдагыч, транспортёр, бункер, чөмөлөгүч, жүрүү системасы (жетелөөчү алдынкы дөңгөлөк ж-а арткы башкаруучу дөңгөлөк), кыймылдаткыч кабина, электр ж-а гидрожабдуулар, башкаруу ж-а сигнал берүү тетиктеринен турат. Алгачкы комбайн АКШда 19- кылымдын аягында жасалган. Ал жыгачтан жасалып, эпсиз, оор болуп, 20–30 ат чегилген. Комбайн 20- кылымдын башында өркүндөтүлүп, жыгач – металл м-н, ат – локомобиль, трактор м-н алмаштырылып, кыймылдаткыч орнотулган. СССРде С-6, өзү жүрүүчү С-4, СК-5, «Нива», СК -6, «Колос», «Дон-1200»,«Дон-1500» ж. б. комбайндар чыгарылган. Бул комбайндардын базасында чанактуу дан өсүмдүктөрүн жыйноочу жалпак тамандуу СКП-4, шалы оруп-жыйноочу СКП-6Р, СКД-5Р, СК-5Р, ошондой эле НК-4 ж. б. асма комбайндар жасалган.
Ад.: Сельскохозяйственная техника и технология./Под ред. И. А. Синицина. М., 2006.