КЕРЕЧ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕРЕЧ</b> (Angela) – чатыр гүлдүүлөр тукумунда­гы өсүмдүк уруусу. Эки же көп жылдык өсүмдүк. Сабагы бийик, жоон, көңдөй. Түксүз, жалбы­рактары ири, 2–3 ирет тилкелүү, жалпы фор­масы тегерек же бөйрөктөй, негизинен тамыр моюнчасына топтолгон. Гүлү ак же саргыч, мөмөсү бир уруктуу, жалпак, сүйрү, канаттай, кырдуу кутуча. 50дөн (80) ашуун түрү | <b type='title'>КЕРЕЧ</b> (Angela) – чатыр гүлдүүлөр тукумунда­гы өсүмдүк уруусу. Эки же көп жылдык өсүмдүк. Сабагы бийик, жоон, көңдөй. Түксүз, жалбы­рактары ири, 2–3 ирет тилкелүү, жалпы фор­масы тегерек же бөйрөктөй, негизинен тамыр моюнчасына топтолгон. Гүлү ак же саргыч, мөмөсү бир уруктуу, жалпак, сүйрү, канаттай, кырдуу кутуча. 50дөн (80) ашуун түрү Түндүк жа­рым шарда ж-а Жаңы Зеландияда кездешет. Кыргызстанда 5 түрү орто бийик ж-а өтө бийик тоо­догу аска жаракасында, тоонун шагылдуу, жыл­гаяк бетинде, өзөндүн кумдак жээгинде, мөңгүгө жакын <i>криофиттик өсүмдүктөр</i> арасында өсөт. Керечтин бир түрү (көп сабактуу кереч) – Кыргызстандын эндемик (жергиликтүү) өсүмдүгү. Ал Сары-Жаз м-н Барскон тоолорунда гана кездешет. Илгер­теден эле эл арасында айрым түрү (үчүлүктүү кереч) ичеги-карын ооруларына дары катары колдо­нулган. | ||
эндемик (жергиликтүү) өсүмдүгү. Ал Сары-Жаз м-н Барскон тоолорунда гана кездешет. Илгер­теден эле эл арасында айрым түрү (үчүлүктүү | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
05:31, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕРЕЧ (Angela) – чатыр гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Эки же көп жылдык өсүмдүк. Сабагы бийик, жоон, көңдөй. Түксүз, жалбырактары ири, 2–3 ирет тилкелүү, жалпы формасы тегерек же бөйрөктөй, негизинен тамыр моюнчасына топтолгон. Гүлү ак же саргыч, мөмөсү бир уруктуу, жалпак, сүйрү, канаттай, кырдуу кутуча. 50дөн (80) ашуун түрү Түндүк жарым шарда ж-а Жаңы Зеландияда кездешет. Кыргызстанда 5 түрү орто бийик ж-а өтө бийик тоодогу аска жаракасында, тоонун шагылдуу, жылгаяк бетинде, өзөндүн кумдак жээгинде, мөңгүгө жакын криофиттик өсүмдүктөр арасында өсөт. Керечтин бир түрү (көп сабактуу кереч) – Кыргызстандын эндемик (жергиликтүү) өсүмдүгү. Ал Сары-Жаз м-н Барскон тоолорунда гана кездешет. Илгертеден эле эл арасында айрым түрү (үчүлүктүү кереч) ичеги-карын ооруларына дары катары колдонулган.