КҮМБӨЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КҮМБӨЗ</b> (ар. куббаэ – көмкөрүлгөн чатырча– фарсыча гомбед – көмкөрүлгөн асман) – бейит үстүнө салынуучу арх-ралык курулуш. Ал таш–кыш– темир– гранит– мрамор сыяктуу бышык материалдан курулат. К-дүн Египет пирамидасы (мис. Хеопс фараон пирамидасы)– кумпал&shy;дуу азиялык К. Индияда ж-а Кичи Азияда аскага оюлуп жасалган К. сыяктуу түрлөрү бар. Cамаркандда Рухабаддын– Эмирдин (<i>Гур-Эмир</i>) ж. б. кумпалуу салынган К-дөр белгилүү. Кырг&shy;ндун Өзгөн ш-нда үч күмбөз (11–12-к.)Шах- Фазил күмбөзү (11–12-к.– Ала-Бука р-ну– Cафед- Булан кыш.)Манастын күмбөзү (14-к.– Талас р-ну– Таш-Арык кыш.)Чүй өрөөнүндө Байтиктин күмбөзү (19-к.) Өзүбектин күмбөзү (1914) ж. б. эстелик К-дөр бар.
<b type='title'>КҮМБӨЗ</b> (арабча куббаэ – көмкөрүлгөн чатырча– фарсыча гомбед – көмкөрүлгөн асман) – бейит үстүнө салынуучу архитектуралык курулуш. Ал таш, кыш,  темир, гранит,  мрамор сыяктуу бышык материалдан курулат. Күмбөздүн Египет пирамидасы (мисалы Хеопс фараон пирамидасы)– кумпал&shy;дуу азиялык күмбөз Индияда жана Кичи Азияда аскага оюлуп жасалган күмбөз сыяктуу түрлөрү бар. Cамаркандда Рухабаддын, Эмирдин (<i>Гур-Эмир</i>) жана башка кумпалуу салынган күмбөздөр белгилүү. Кырг&shy;ызстандын Өзгөн шаарында үч күмбөз (XI–XII кылымдар), Шах- Фазил күмбөзү (XI–XII кылымдар, Ала-Бука р-ну,  Cафед- Булан кыштагы), Манастын күмбөзү (XIV кылым, Талас району, Таш-Арык кыштагы), Чүй өрөөнүндө Байтиктин күмбөзү (XIX кылым), Өзүбектин күмбөзү (1914) жана башка эстелик күмбөздөр бар.
[[Категория:4-том, 657-736 бб]]
[[Категория:4-том, 657-736 бб]]

04:49, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КҮМБӨЗ (арабча куббаэ – көмкөрүлгөн чатырча– фарсыча гомбед – көмкөрүлгөн асман) – бейит үстүнө салынуучу архитектуралык курулуш. Ал таш, кыш, темир, гранит, мрамор сыяктуу бышык материалдан курулат. Күмбөздүн Египет пирамидасы (мисалы Хеопс фараон пирамидасы)– кумпал­дуу азиялык күмбөз Индияда жана Кичи Азияда аскага оюлуп жасалган күмбөз сыяктуу түрлөрү бар. Cамаркандда Рухабаддын, Эмирдин (Гур-Эмир) жана башка кумпалуу салынган күмбөздөр белгилүү. Кырг­ызстандын Өзгөн шаарында үч күмбөз (XI–XII кылымдар), Шах- Фазил күмбөзү (XI–XII кылымдар, Ала-Бука р-ну, Cафед- Булан кыштагы), Манастын күмбөзү (XIV кылым, Талас району, Таш-Арык кыштагы), Чүй өрөөнүндө Байтиктин күмбөзү (XIX кылым), Өзүбектин күмбөзү (1914) жана башка эстелик күмбөздөр бар.