КҮЛ АЗЫК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КҮЛ АЗЫК</b> – кыргыз элинин улуттук узак сакталуучу, бузулбас кубаттуу тамагы. Ал негизи­нен тайдын (кээде кийик | <b type='title'>КҮЛ АЗЫК</b> – кыргыз элинин улуттук узак сакталуучу, бузулбас кубаттуу тамагы. Ал негизи­нен тайдын (кээде кийик жана койдун) этинен даярдалган. Союлган малдын (кайберендин) эти бышырылып, туурасынан жука тилинип, кур­гатылып, жаргылчакка тартылат же сокуга күл майда жанчылат. Жанчылган эт сызгырылып, майга салынып, кайнатылып, ун, туз, курга­тылган чөп тамырлары жана башка татымалдар ко­шулуп, кызарганча куурулат. Суугандан кийин карынга салынат. Күл азыкты эттин өлчөмүнө жара­ша талкан кошуп, сары майга кууруп сактаса да болот. Кишинин санына жараша (орто казанга бир кочуш салса, 10–15 кишиге жетет) сууга салып кайнатат. Күл азык узак сапарга, аң-ууло­ого, жүрүшкө, казатка чыгарда пайдаланылган. | ||
<p align='right'><i type='author'>Ы. Кадыров.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Ы. Кадыров.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 657-736 бб]] | [[Категория:4-том, 657-736 бб]] | ||
04:41, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КҮЛ АЗЫК – кыргыз элинин улуттук узак сакталуучу, бузулбас кубаттуу тамагы. Ал негизинен тайдын (кээде кийик жана койдун) этинен даярдалган. Союлган малдын (кайберендин) эти бышырылып, туурасынан жука тилинип, кургатылып, жаргылчакка тартылат же сокуга күл майда жанчылат. Жанчылган эт сызгырылып, майга салынып, кайнатылып, ун, туз, кургатылган чөп тамырлары жана башка татымалдар кошулуп, кызарганча куурулат. Суугандан кийин карынга салынат. Күл азыкты эттин өлчөмүнө жараша талкан кошуп, сары майга кууруп сактаса да болот. Кишинин санына жараша (орто казанга бир кочуш салса, 10–15 кишиге жетет) сууга салып кайнатат. Күл азык узак сапарга, аң-уулоого, жүрүшкө, казатка чыгарда пайдаланылган.
Ы. Кадыров.