КЕРБЕЛА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕРБЕЛА́</b> – Ирактын борбор бөлүгүндөгү шаар. Кербела мухафазасынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Евфрат дарыясынын өрөөнүндө жайгаш­кан. Шаар аркылуу Багдад менен Меккени байла­ныштыруучу жол өтөт. Мусулман шейиттердин ыйык шаары жана зыярат кылуучу жайы. Кал­кы | <b type='title'>КЕРБЕЛА́</b> – Ирактын борбор бөлүгүндөгү шаар. Кербела мухафазасынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Евфрат дарыясынын өрөөнүндө жайгаш­кан. Шаар аркылуу Багдад менен Меккени байла­ныштыруучу жол өтөт. Мусулман шейиттердин ыйык шаары жана зыярат кылуучу жайы. Кал­кы 690,1 миң (2014). Ашур майрамы мезгилин­де калкы 3 млнго чейин жетет (негизинен Иран­дан келген зыяратчылардын эсебинен). Ири соо­да-жол тоому. Тамак-аш (кант, жашылча кон­сервалары), жеңил, текстиль, булгаары бут ки­йим, цемент өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (негизинен диний буюмдар) өнүккөн. Кербелада 100дөн ашык мечит, 23 медресе, университет бар. Кербела VII кылымда негизделген. Бул шаарда Мухаммед пайгамбардын небереси Кусейиндин күмбөзү (680-жылы ушул жерде өлтүрүлгөн), орто кылымдын архитектура эстеликтеринен имам Кусейиндин мав­золейи (мечит медресеси менен; 1991-жылы шейиттер, 2000-жылдын ортосунда террористтер тарабы­нан катуу талкаланып, кийинчерээк калыбы­на келтирилген), Аббас мечит-мавзолейи, акын Физулинин күмбөзү, шаардын айланасында Омейяддардын сарай-капкасынын урандылары сакталган. | ||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
03:34, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕРБЕЛА́ – Ирактын борбор бөлүгүндөгү шаар. Кербела мухафазасынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Евфрат дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Шаар аркылуу Багдад менен Меккени байланыштыруучу жол өтөт. Мусулман шейиттердин ыйык шаары жана зыярат кылуучу жайы. Калкы 690,1 миң (2014). Ашур майрамы мезгилинде калкы 3 млнго чейин жетет (негизинен Ирандан келген зыяратчылардын эсебинен). Ири соода-жол тоому. Тамак-аш (кант, жашылча консервалары), жеңил, текстиль, булгаары бут кийим, цемент өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (негизинен диний буюмдар) өнүккөн. Кербелада 100дөн ашык мечит, 23 медресе, университет бар. Кербела VII кылымда негизделген. Бул шаарда Мухаммед пайгамбардын небереси Кусейиндин күмбөзү (680-жылы ушул жерде өлтүрүлгөн), орто кылымдын архитектура эстеликтеринен имам Кусейиндин мавзолейи (мечит медресеси менен; 1991-жылы шейиттер, 2000-жылдын ортосунда террористтер тарабынан катуу талкаланып, кийинчерээк калыбына келтирилген), Аббас мечит-мавзолейи, акын Физулинин күмбөзү, шаардын айланасында Омейяддардын сарай-капкасынын урандылары сакталган.