КОЛЛАПС: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЛЛА́ПС</b> (лат. collapsus – жыгылган) – арте­рия ж-а венада кан басымынын төмөндөшү, зат алмашуунун бузулушу м-н мүнөздөлгөн өмүргө коркунучтуу абал. Инфекциядан, уулануудан, канды көп жоготуудан, кан тамыр жабырка­ганда, катуу кармаган миокарддын инфаркты ж. б. | <b type='title'>КОЛЛА́ПС</b> (лат. collapsus – жыгылган) – арте­рия ж-а венада кан басымынын төмөндөшү, зат алмашуунун бузулушу м-н мүнөздөлгөн өмүргө коркунучтуу абал. Инфекциядан, уулануудан, канды көп жоготуудан, кан тамыр жабырка­ганда, катуу кармаган миокарддын инфаркты ж. б. патологиялык абалдарда пайда болот. Коллапста жү­рөккө кан аз келип, тиричилик үчүн маанилүү органдарды кан м-н камсыздоо начарлап, <i>гипок­сия</i> пайда болот. Оорулуунун өңү кубарып, муз­дак тер басат, колу-буту муздайт, көзү чүңүрөйүп, жаагы шимирилет. Артерия басымы кескин тө­мөндөп, тамыры солгун согот, энтигип тез-тез дем алат. Дене температурасы 35°Сна чейин төмөн­дөйт, көзү караңгылап, кээде эстен танат. Оор коллапс өлүмгө алып келиши мүмкүн. Дарылоо оору­канада жүргүзүлүп, кан тамыр ж-а дем алуу борборун козгоочу, кан тамырды тарытуучу да­рыларды шашылыш түрдө берүү, кан ж-а кан ордуна куюлуучу суюктуктарды куюу керек. | ||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
03:03, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЛЛА́ПС (лат. collapsus – жыгылган) – артерия ж-а венада кан басымынын төмөндөшү, зат алмашуунун бузулушу м-н мүнөздөлгөн өмүргө коркунучтуу абал. Инфекциядан, уулануудан, канды көп жоготуудан, кан тамыр жабыркаганда, катуу кармаган миокарддын инфаркты ж. б. патологиялык абалдарда пайда болот. Коллапста жүрөккө кан аз келип, тиричилик үчүн маанилүү органдарды кан м-н камсыздоо начарлап, гипоксия пайда болот. Оорулуунун өңү кубарып, муздак тер басат, колу-буту муздайт, көзү чүңүрөйүп, жаагы шимирилет. Артерия басымы кескин төмөндөп, тамыры солгун согот, энтигип тез-тез дем алат. Дене температурасы 35°Сна чейин төмөндөйт, көзү караңгылап, кээде эстен танат. Оор коллапс өлүмгө алып келиши мүмкүн. Дарылоо ооруканада жүргүзүлүп, кан тамыр ж-а дем алуу борборун козгоочу, кан тамырды тарытуучу дарыларды шашылыш түрдө берүү, кан ж-а кан ордуна куюлуучу суюктуктарды куюу керек.