КЫЗЫЛ-ОРДО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КЫЗЫЛ-ОРДО</b> (мурда А к - М е ч и т, П е т&shy;р о в с к) – Казакстан Респ-ндагы шаар (1938-жылдан). Кызыл-Ордо обл-нун адм. борбору. Сыр-Дарыянын оң жээгинде жайгашкан. Калкы 186 миң (2009). Т. ж. тоому. Аэропорту бар. Мечиттер (Айтбай, Ак-Мечит), чиркөөлөр (а. и. Кудай Эне) ж. б. сакталган. Тамак-аш (балык, нан, сүт з-ддору, эт комбинаты), целлюлоза-кар&shy;тон, курулуш материалдар ө. ж. ишканалары, бут кийим, тигүү ж-а трикотаж, эмерек жасоочу ф-калары, о. эле бир нече АК иштейт. Ки&shy;йинки жылдары шаардын арх-расы жаңырып, аквапарк, мейманканалар (төрт жылдыздуу отелдер) ж. б. салынды. К.-О-ну 1817-ж. Кокон хандыгы чеп катары негиздеген. 1925–29-ж. Казак Респ-нын борбору болгон. Шаарда 30дан ашык жалпы билим берүүчү мектеп, 5 коллеж, 3 кесиптик-тех. окуу жайы, ун-ттер (а. и. Кы&shy;зыл-Ордо мамл.), «Сейхун» академиясы, китеп&shy;каналар, архив, драма театры, филармония бар. Шаардын четинде нефть, газ кендери (Түш.-Ту&shy;гай бассейни) казылып алынат.
<b type='title'>КЫЗЫЛ-ОРДО</b> (мурда А к - М е ч и т, П е т&shy;р о в с к) – Казакстан Республикасындагы шаар (1938-жылдан). Кызыл-Ордо облусунун административдик борбору. Сыр-Дарыянын оң жээгинде жайгашкан. Калкы 186 миң (2009). Темир жол тоому. Аэропорту бар. Мечиттер (Айтбай, Ак-Мечит), чиркөөлөр (анын ичинде Кудай Эне) жана башкалар сакталган. Тамак-аш (балык, нан, сүт заводдору, эт комбинаты), целлюлоза-кар&shy;тон, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары, бут кийим, тигүү жана трикотаж, эмерек жасоочу фабрикалары, ошондой эле бир нече акционердик коом иштейт. Ки&shy;йинки жылдары шаардын архитектурасы жаңырып, аквапарк, мейманканалар (төрт жылдыздуу отелдер) жана башкалар салынды. Кызыл-Ордону 1817-жылы Кокон хандыгы чеп катары негиздеген. 1925–1929-жылдары Казак Республикасынын борбору болгон. Шаарда 30дан ашык жалпы билим берүүчү мектеп, 5 коллеж, 3 кесиптик-техникалык окуу жайы, университеттер (анын ичинде Кы&shy;зыл-Ордо мамлекеттик), «Сейхун» академиясы, китеп&shy;каналар, архив, драма театры, филармония бар. Шаардын четинде нефть, газ кендери (Түштүк-Ту&shy;гай бассейни) казылып алынат.
 


Ад.: Кызыл-Ордо облусу//Казакстан улуттук энциклопедиясы, 6-т. Алматы, 2004;
Ад.: Кызыл-Ордо облусу//Казакстан улуттук энциклопедиясы, 6-т. Алматы, 2004;
[[Категория:4-том, 657-736 бб]]
[[Категория:4-том, 657-736 бб]]

11:29, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЫЗЫЛ-ОРДО (мурда А к - М е ч и т, П е т­р о в с к) – Казакстан Республикасындагы шаар (1938-жылдан). Кызыл-Ордо облусунун административдик борбору. Сыр-Дарыянын оң жээгинде жайгашкан. Калкы 186 миң (2009). Темир жол тоому. Аэропорту бар. Мечиттер (Айтбай, Ак-Мечит), чиркөөлөр (анын ичинде Кудай Эне) жана башкалар сакталган. Тамак-аш (балык, нан, сүт заводдору, эт комбинаты), целлюлоза-кар­тон, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары, бут кийим, тигүү жана трикотаж, эмерек жасоочу фабрикалары, ошондой эле бир нече акционердик коом иштейт. Ки­йинки жылдары шаардын архитектурасы жаңырып, аквапарк, мейманканалар (төрт жылдыздуу отелдер) жана башкалар салынды. Кызыл-Ордону 1817-жылы Кокон хандыгы чеп катары негиздеген. 1925–1929-жылдары Казак Республикасынын борбору болгон. Шаарда 30дан ашык жалпы билим берүүчү мектеп, 5 коллеж, 3 кесиптик-техникалык окуу жайы, университеттер (анын ичинде Кы­зыл-Ордо мамлекеттик), «Сейхун» академиясы, китеп­каналар, архив, драма театры, филармония бар. Шаардын четинде нефть, газ кендери (Түштүк-Ту­гай бассейни) казылып алынат.

Ад.: Кызыл-Ордо облусу//Казакстан улуттук энциклопедиясы, 6-т. Алматы, 2004;