КЫЗ ОЮН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫЗ ОЮН</b> – кызды күйөөгө берерде же жигит күйөөлөп келгенде кыз | <b type='title'>КЫЗ ОЮН</b> – кызды күйөөгө берерде же жигит күйөөлөп келгенде кыз менен жигиттер чогулуп, көңүл ачуучу салттык оюн-тамаша. Кыз оюн атайын тигилген өргөөдө өткөрүлүп, ага күйөө, күйөө жолдош, алардын теңтуштары, эки та­раптын жеңелери, жакын туугандар, жек-жааттарынан жаштар катышкан. Өргөөгө кыз курбулары жана жеңелеринин коштоосунда (күйөө тараптагылар тиешелүү көрүндүгүн бергенден кийин) кирген. Кыз-келиндер өргөөгө жайгаш­кан соң, оюн башчы: «азыр күйөө бала жаңылбай такыя сайса, колуктусунун үстүнө кирип, жанына отурат, жаңылса чоң айыбын тартып, кызыбыздын алдына түшөт», – деп жарыя айтып, босогонун бир жагынын туурдугун, чийин кичине ачып берген да, окшош кийимчен топ кызды көрсөтүп: «тиги кыздардын кимиси колуктуң, такыясын сайып көрсөт»,– деген. Күйөө эмне менен көрсөтөрүн билбей кайсалактап калганда, укурукчан жигит жанына келген. Уку­ругуна күйөө кол созгондо, жеңеси «укурук акы­сын» сураган. Укурукту кереге көзүнөн сойло­туп, жүзүн жашыра эңкейе берген топ кыздын ичинен өз колуктусунун такыясын укуруктун ичке учу менен акырын түртүп коюу менен үйгө ки­рип, колуктусунун жанына отурган. Эгер жаңылып башка кыздын такыясын сайып алса, колуктусунан да, балдызынан да кечирим су­рап, ырдоого, такыясы кыйшайган кызга бирдеме (буюм, кийим, пул) тартуулоого аргасыз болгон. Күйөө өргөөгө кирип, колуктусунун жа­нына отурган соң, шакек салмай, бут басмай (күйөөнү, кызды таңмай), жоолук таштамай, кыз өпмөй, жолдош сурамай жана башка оюндар ой­нолуп, сүйүү, ашыктык, махабат, арзуу ырла­ры ырдалып, күү чертилип, жар көрүшүү салта­наты башталган. Буга <i>сармерден, жаңылмач,</i> ошондой эле тамаша иретинде кайым айтышуу (кор­доо) да аралашкан. Кыз оюнда күрөш, аркан тар­тыш, бука тартыш, кыз куумай, ошондой эле жамбы (кыйык) атыш, оодарыш, көк бөрү, ат чабыш оюндары өткөрүлгөн учурлар да болгон. | ||
[[Категория:4-том, 657-736 бб]] | [[Категория:4-том, 657-736 бб]] | ||
11:06, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫЗ ОЮН – кызды күйөөгө берерде же жигит күйөөлөп келгенде кыз менен жигиттер чогулуп, көңүл ачуучу салттык оюн-тамаша. Кыз оюн атайын тигилген өргөөдө өткөрүлүп, ага күйөө, күйөө жолдош, алардын теңтуштары, эки тараптын жеңелери, жакын туугандар, жек-жааттарынан жаштар катышкан. Өргөөгө кыз курбулары жана жеңелеринин коштоосунда (күйөө тараптагылар тиешелүү көрүндүгүн бергенден кийин) кирген. Кыз-келиндер өргөөгө жайгашкан соң, оюн башчы: «азыр күйөө бала жаңылбай такыя сайса, колуктусунун үстүнө кирип, жанына отурат, жаңылса чоң айыбын тартып, кызыбыздын алдына түшөт», – деп жарыя айтып, босогонун бир жагынын туурдугун, чийин кичине ачып берген да, окшош кийимчен топ кызды көрсөтүп: «тиги кыздардын кимиси колуктуң, такыясын сайып көрсөт»,– деген. Күйөө эмне менен көрсөтөрүн билбей кайсалактап калганда, укурукчан жигит жанына келген. Укуругуна күйөө кол созгондо, жеңеси «укурук акысын» сураган. Укурукту кереге көзүнөн сойлотуп, жүзүн жашыра эңкейе берген топ кыздын ичинен өз колуктусунун такыясын укуруктун ичке учу менен акырын түртүп коюу менен үйгө кирип, колуктусунун жанына отурган. Эгер жаңылып башка кыздын такыясын сайып алса, колуктусунан да, балдызынан да кечирим сурап, ырдоого, такыясы кыйшайган кызга бирдеме (буюм, кийим, пул) тартуулоого аргасыз болгон. Күйөө өргөөгө кирип, колуктусунун жанына отурган соң, шакек салмай, бут басмай (күйөөнү, кызды таңмай), жоолук таштамай, кыз өпмөй, жолдош сурамай жана башка оюндар ойнолуп, сүйүү, ашыктык, махабат, арзуу ырлары ырдалып, күү чертилип, жар көрүшүү салтанаты башталган. Буга сармерден, жаңылмач, ошондой эле тамаша иретинде кайым айтышуу (кордоо) да аралашкан. Кыз оюнда күрөш, аркан тартыш, бука тартыш, кыз куумай, ошондой эле жамбы (кыйык) атыш, оодарыш, көк бөрү, ат чабыш оюндары өткөрүлгөн учурлар да болгон.