КЕНЖЕКАРА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (Temirkan moved page КЕНЖЕКАРА Калча уулу to КЕНЖЕКАРА over redirect) |
||
| (4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕНЖЕКАРА</b> Калча уулу (1859, Чүй өрөөнү – | <b type='title'>КЕНЖЕКАРА</b> '''Калча уулу''' (1859, Чүй өрөөнү – 1929, Фрунзе) – семетейчи жана кыл кыякчы.<br>Кенжекара башка семетейчилерден «Семетей» эпосун кыл кыяктын коштоосунда айткандыгы менен өзгө­чөлөнгөн. 1903-жылы орус география коому кыр­гыз жергесине илимий экспедиция уюштуруп, ага сүрөтчү Б. В. Смирнов менен этнограф-окумуштуу | ||
1929, Фрунзе) – семетейчи | |||
[[File:КЕНЖЕКАРА30.png | thumb | none]]А. Т. | [[File:КЕНЖЕКАРА30.png | thumb | none]]А. Т. Белинский катышкан. Алар Кенжекаранын кыл кыяк­тын коштоосу менен аткарган «Семетей» эпосунан «Семетей­дин Айчүрөккө үй­лөнүшүн» жана «Ак- Бала баатыр жө­нүндө ыр» деген чыгарманы жазып алып, орус тилине кара сөз түрүндө которуп жарыя­лашкан. Кенжекаранын айтканын Атайбек деген тил­меч которуп берген. Котормо 1914-жылы Москвада «Түркстан талааларында» деген ат менен китеп бо­луп чыккан. Сүрөтчү Кенжекарадан уккан сюжет боюнча Семетей менен Айчүрөктүн сүрөтүн тарткан жана семетейчинин өзүн эпостун үзүндүсүн кыл кы­яктын коштоосу менен аткарып жаткан учурунда сүрөткө тартып алган. Китепте «Семетейди» кырк күн, кырк түн айта ала тургандыгы эс­кертилген. | ||
катышкан. Алар | |||
чыгарманы жазып | |||
алып, орус тилине кара сөз түрүндө | |||
«Түркстан талааларында» деген ат | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
03:50, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕНЖЕКАРА Калча уулу (1859, Чүй өрөөнү – 1929, Фрунзе) – семетейчи жана кыл кыякчы.
Кенжекара башка семетейчилерден «Семетей» эпосун кыл кыяктын коштоосунда айткандыгы менен өзгөчөлөнгөн. 1903-жылы орус география коому кыргыз жергесине илимий экспедиция уюштуруп, ага сүрөтчү Б. В. Смирнов менен этнограф-окумуштуу

А. Т. Белинский катышкан. Алар Кенжекаранын кыл кыяктын коштоосу менен аткарган «Семетей» эпосунан «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшүн» жана «Ак- Бала баатыр жөнүндө ыр» деген чыгарманы жазып алып, орус тилине кара сөз түрүндө которуп жарыялашкан. Кенжекаранын айтканын Атайбек деген тилмеч которуп берген. Котормо 1914-жылы Москвада «Түркстан талааларында» деген ат менен китеп болуп чыккан. Сүрөтчү Кенжекарадан уккан сюжет боюнча Семетей менен Айчүрөктүн сүрөтүн тарткан жана семетейчинин өзүн эпостун үзүндүсүн кыл кыяктын коштоосу менен аткарып жаткан учурунда сүрөткө тартып алган. Китепте «Семетейди» кырк күн, кырк түн айта ала тургандыгы эскертилген.