КОЛГО ҮЙРӨТҮҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЛГО ҮЙРӨТҮҮ</b> , д о м е с т и к а ц и я (лат. domesticus – үйдүн, үйдүкү) – адамдын чарба­лык муктаждыгын канааттандыруу максатын­да жапайы жаныбарларды бакмалаштыруу.<br> | <b type='title'>КОЛГО ҮЙРӨТҮҮ</b>, д о м е с т и к а ц и я (лат. domesticus – үйдүн, үйдүкү) – адамдын чарба­лык муктаждыгын канааттандыруу максатын­да жапайы жаныбарларды бакмалаштыруу.<br>Колго үйр'''отуу''' 10–15 миң жылдай илгери, мезолит, нео­лит доорунда башталып, <i>мал чарбасынын</i> пай­да болушуна себеп болгон. Колго үйр'''отуу'''нүн башталуу мезгилин тактоо мүмкүн эмес, себеби алгачкы колго үйрөтүлгөн жаныбарлардын казылып алынган скелеттеринде анчалык өзгөрүү болгон эмес. Кеч палеолит доорунун гана жаныбарла­рынын сөөктөрүнүн түзүлүшүндө өзгөрүүлөр пай­да боло баштаганы белгилүү. Жаныбарлардын көптөгөн түрлөрүнүн бир аз бөлүгү гана колго үйрөтүлгөн. Омурткалуу жаныбарлардын сүт эмүүчүлөр классынан бодо мал (зебу, топоз, бан­тенг, жаныш, уй ж. б.), түндук бугусу, төө, жыл­кы, эшек, кой, чочко, ит, мышык, коён ж. б.; куштардан тоок, өрдөк, каз, көгүчкөн ж. б.; ба­лыктар классынан каңылтыр, алтын сары та­ман балык ж. б. бакмалаштырылган. Омурт­касыздардан муунак буттуулар тибиндеги курт­кумурскалар классына кирген бал аарысы м-н тыт ж-а эмен жибек көпөлөктөрү колдо багы­лат. Ошентип, койдун түпкү теги Борбордук Азия­дагы жапайы койлор, эчкиники безоар эчкиси, уйдуку тур, жылкыныкы турпан ж-а пржеваль­ский жылкысы, тооктуку жапайы банкив тоо­гу болуп эсептелет. Колго үйр'''отуу'''нүн айыл чарбасында мааниси чоң. | ||
үйрөтүлгөн. Омурткалуу жаныбарлардын сүт | |||
эмүүчүлөр классынан бодо мал (зебу, топоз, бан­тенг, жаныш, уй ж. б.), | |||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
03:24, 21 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЛГО ҮЙРӨТҮҮ, д о м е с т и к а ц и я (лат. domesticus – үйдүн, үйдүкү) – адамдын чарбалык муктаждыгын канааттандыруу максатында жапайы жаныбарларды бакмалаштыруу.
Колго үйротуу 10–15 миң жылдай илгери, мезолит, неолит доорунда башталып, мал чарбасынын пайда болушуна себеп болгон. Колго үйротуунүн башталуу мезгилин тактоо мүмкүн эмес, себеби алгачкы колго үйрөтүлгөн жаныбарлардын казылып алынган скелеттеринде анчалык өзгөрүү болгон эмес. Кеч палеолит доорунун гана жаныбарларынын сөөктөрүнүн түзүлүшүндө өзгөрүүлөр пайда боло баштаганы белгилүү. Жаныбарлардын көптөгөн түрлөрүнүн бир аз бөлүгү гана колго үйрөтүлгөн. Омурткалуу жаныбарлардын сүт эмүүчүлөр классынан бодо мал (зебу, топоз, бантенг, жаныш, уй ж. б.), түндук бугусу, төө, жылкы, эшек, кой, чочко, ит, мышык, коён ж. б.; куштардан тоок, өрдөк, каз, көгүчкөн ж. б.; балыктар классынан каңылтыр, алтын сары таман балык ж. б. бакмалаштырылган. Омурткасыздардан муунак буттуулар тибиндеги курткумурскалар классына кирген бал аарысы м-н тыт ж-а эмен жибек көпөлөктөрү колдо багылат. Ошентип, койдун түпкү теги Борбордук Азиядагы жапайы койлор, эчкиники безоар эчкиси, уйдуку тур, жылкыныкы турпан ж-а пржевальский жылкысы, тооктуку жапайы банкив тоогу болуп эсептелет. Колго үйротуунүн айыл чарбасында мааниси чоң.