КЫРГЫЗ ЖАҢЫ ЖЫЛКЫСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЫРГЫЗ ЖАҢЫ ЖЫЛКЫСЫ – Кырг-ндагы жерг. кыргыз жылкысы м-н дон ж-а талаа асыл тукум минги жылкысын аргындаштыруудан чыгарылган порода. 1954-ж. порода катары бе­китилген. Асыл тукум иши Кырг-ндын кескин континенттик климатына ж-а бийик тоо шар­тында пайдалануу үчүн тулку бою келишимдүү, чымыр жылкы чыгарууга багытталган. Жаңы

Кыргыз жаңы жылкысы.

породаны чыгарууга И. Н. Чашкин, Ф. А. Приходько, Ч. Кудайбергенов, С. Д. Панченко, А. Дөө­лөтбаков ж. б. катышкан. Жаңы порода үч типке бөлүнөт: биринчиси – негизги (мүнөздүү), экинчиси – келбеттүү (сөөктүү) ж-а минги жылкы. Бул типтеги жылкылар дене түзүлүшү, чоңдугу, табияты, жумушка чыдамкайлыгы м-н жерг. шартка байыр алышы жагынан бири би­ринен көп айырмаланат. Бээлеринин орт. өлчө­мү: боюнун бийикт. 150,8, көкүрөк курчамы 179,6, бутунун жоондугу 18,7 см, тирүүлөй салм. 447,0 кг. Ар 100 тубар бээден 65–85 кулун алынат. Күлүктүгү: 1200 м аралыкты 1 мин 18,7 сек, 1600 м –1 мин 46 сек, 2400 м – 2 мин 45 сек чуркап өтөт. Кулунтайы күнүнө 800–1000 г салмак кошот. Бээси саан мезгилинде (5 ай) 2200 кг сүт берет.