КЫРБАШЕВ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫРБАШЕВ Кеңеш (2. 4. 1931, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Темир айылы – 29. 2. 2004, Бишкек) – «Манас» изилдөөчү ж-а жыйноочу, КР илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (1997), филология илимд. кандидаты (1968), КР мад-тына эмг. сиң. ишмер (1990). КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1956). КР УИАнын Тил ж-а адабият ин-тунда лаборант (1958), кенже ил. кызматкер (1958–69), улук ил. кызматкер (1969), жетектөөчү ил. кызматкер (1990), Кол жазмалар бөлүмүнүн башчысы (1991–2004) болуп иштеген. «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн» (1969, 1985) түзүүгө катышкан. «Эл адабияты» сериясына, «Кыргыз адабиятынын тарыхы» аттуу 7 томдон турган коллективдүү эмгекке бир катар ил. макалалары жарыяланган. 200дөн ашуун ил. эмгектин, а. и. «Алыкул Осмоновдун поэзиясынын тили» (1968), «Манас» эпосунун стили (1983), «Манасчы Жусуп Мамай» (1997) аттуу монографиялардын ж-а «Манас» эпосуна арналган эмгектердин автору.