КЫР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЫР – тоонун кырка тартып, жондонуп чыгып турган бөлүгү; тоонун эки капталын бирикти­рип, узатасынан созулуп жаткан жону. К. ийри­буйру келип, чокулардан, белдерден турат. Адатта, К. суу бөлгүч болот. Топоним катары геогр. аттарды пайда кылууга да катышат, мис., Кыр- Жол ашуусу, Кыр-Жол кыш., Боз-Кыр кырка тоосу ж. б. К-дын синоними катары жон, жал, кыраң түшүнүктөрү да кеңири колдонулат.