КЫПЧЫЛМА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЫПЧЫЛМА – Өзгөн р-нунун аймагындагы кооз капчыгай. Фергана тоо тизмегинин түш.- батышындагы Жазы өрөөнүнүн ортолук, антецеденттик бөлүгүн ээлейт. Жазынын оң куймасы – Чыттыдан ылдый, 1950 м бийиктен башталып, капчыгайдын кууш оозу 1820 м бийикте бүтөт. Уз. 7 кмге жакын, өтө кууш, терең каньон бөлүгү 1 кмге созулат; туурасы 50–60 м, айрым жерле­ри андан да кууш. Капчыгай палеозойдун аки­таш, филлит, сланец, кумдук тектеринен тур­ган Кыпчылма антиклиналын төртүнчүлүк мез­гилде Жазы суусу жырып жеп, кесип өтүшүнөн пайда болгон. Капталдары тик, бир кыйла жери жалама аска-зоока. Күн чыгыш жак оң бети 700–800 мге жеткен тик аскалуу. Сол жак бетинде чолок сайлар, эшилме корум таштар көп. Мурда, зоокаларды жарып жол салганга чейин, адам аска, жарларга жармашып, терең капчы­гайдан араң өтчү экен. Өзөндүн нугу зоокалар­дан түшкөн зор таштарга толгон. Жазынын суусу таштан-ташка урунуп, шаркырап, капчыгайдын ичин жаңыртып тез агат. К-нын ичи каксоо, өсүмдүктөргө жарды; бадалдар сейрек, арча, ка­рагай чанда учурайт. Капчыгай аркылуу автомобиль жолу өтөт. К., андан жогору жайгашкан Качыраалы коругу, Кара-Шоро ж. б. кооз жерлер зор кызыгууну туудурат.