КЫЙМЫЛ САНЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЫЙМЫЛ САНЫ , и м п у л ь с (лат. impulsus – согуу, түртүү) – мех. кыймыл чени. К. с. р =mv – багыты чекит ылдамдыгындай багытталган вектордук чоңдук. Күч таасир эткенде чекиттин К. с-нын чоңдугу ж-а багыты Ньютон закону­нун негизинде өзгөрөт. Күч таасир этпегенде К. с. туруктуу болот. Мех. системанын К. с. (Q) анын бардык k чекиттеринин К. с-нын геом. суммасына же бардык системанын массасы (M) м-н анын масса борборунун ылдамдыгынын vс көбөйтүндүсүнө барабар: Q=m v =M v . К. с-нын өзгөрүү закону төмөнкүчө жазылат: Q –Q =L.P, мында Q, Q – баштапкы жана берилген убакыттагы системанын К. с., Pk– тышкы күч импульсу. Системага тышкы күч таасир этпегенде ички күчтүн таасиринен системанын кээ бир бөлүкчөсүнүн К. с. өзгөрөт, бирок сакталуу закону б-ча бүткүл системанын К. с. туруктуу бойдон калат. Бул закондун негизинде реактивдүү кыймылды атуу учурундагы артка түртүүнү ж. б. түшүндүрүүгө болот. Нерсенин ылдамдыгы жарыктыкына с жакындаган кезде, К. с. төмөнкү формула менен аныкталат: p=m v /1 - –2 , мында –=v/c, эгер v<<c болсо, бул формула р =mv түрүндө жазылат. Физ. талаалар да К. с-на ээ, мис., электр-магнит талааcынын импульсу. Талаанын К. с. анын тыгыздыгы м-н мүнөздөлөт ж-а талаанын чыңалышы же потенциалы м-н туюнтулат, к. Кванттык механика.