КЫЗЫЛ-ТУУ 8: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЫЗЫЛ-ТУУ – Чүй обл-нун Сокулук р-нундагы кыштак. Кызыл-Туу айыл округунун борбору. Жыламыш суусунун боюнда, деңиз деңг. 830 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Соку­лук кыш-нан 17 км түш.-чыгыш тарапта. Шо­поков т. ж. бекетинен 15 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 4049 (2009); негизинен баг­банчылыкта эмгектенет, мал багат. Орто мек­теп, өспүрүмдөрдүн спорт мектеби, ФАП, бала бакча, мад-т үйү, дүр-дүйнө дүкөнү ж. б. бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор­го эстелик тургузулган. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры Б. Кулов туулган.