КЫЗЫЛ-СУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЫЗЫЛ-СУУ (мурда С и л и в к и н о, 1993-ж. чейин П о к р о в к а) – Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы кыштак. Райондун ж-а Кызыл-Суу айыл округунун борбору. Ысык-Көл өрөөнүнүн түш.-чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Чоң Кызыл-Суу суусунун боюнда, Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңг. 1760 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Каракол ш-нан 35 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 180 км. Кал­кы 12,2 миң (2009). Кыштакта 3 орто мектеп, китепканалар, бала бакча, оорукана, поликлиника, мад-т үйү, мечит бар. Кыш, нан ж-а сыр з-ддору, турмуш-тиричилик кызматы, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары, үй-бүлөлүк да­рыгерлер тобу, базар, автобекет ж. б. иштейт. Бул жерде КР УИАнын Теңир-Тоо физ.-география станциясынын кеңсеси орун алган. Кыш­такта Сов. Союзунун Баатыры А. А. Титов туулган.