КЫЗЫЛ-ОЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫЗЫЛ-ОЙ – Чүй обл-нун Жайыл рнундагы кыштак. Суу самыр айыл округуна караштуу. Көкөмерен суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 1800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Балта ш-нан 160 км ж-а т. ж. бекетинен 145 км. Кыштак 1927-ж. негизделген. Калкы 950 (2010); негизинен мал асырап, тоют даярдашат. Орто мектеп, китепкана, клуб, мад-т үйү ж-а ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, маалымат борбору, бир нече соода жайлары иштейт. Кыштакта болуш Түркмөн Сарыпбек уулуна эстелик тургузулган.