КЫЗЫЛ-КЫЯ ЖУМУШЧУ ДЕПУТАТТАР СОВЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЫЗЫЛ-КЫЯ ЖУМУШЧУ ДЕПУТАТТАР СОВЕТИ – Кырг-ндын аймагында биринчи болуп ишке киришкен депутаттар кеңеши. 1917-жылдагы Февраль бурж.-демокр. рев-ясынын (к. Фев­раль буржуазиялык-демократиялык революция­сы, 1917) таасири м-н 1917-ж. 6-мартта Кызыл- Кыя көмүр кенинде түзүлгөн. 26-апрелде анын төрагалыгына большевик И. И. Едрёнкин шай­ланган. Совет негизинен жумушчулардын мүдөөсүн жактап, 8 сааттык жумуш күнүн киргизүү, профсоюз уюмун түзүү, жумушчу милициясын уюштурууда чоң иштерди аткарган. Октябрь рев-ясынан кийин бийликти өз колуна алууда ж-а аны чыңоодо жигердүү күрөш жүргү­зүшкөн.


Ад.: Зима А. Г. Советы в Киргизии в 1917 г. Ф., 1962; История Киргизской ССР с древнейших времен до наших дней. В 5-и томах. Ф., 1986; Джумана­лиев А. Политическая история Кыргызстана (Станов­ление политической системы Кыргызского общества). Б., 2005.