КЫЗЫЛ КАПЧЫГАЙ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫЗЫЛ КАПЧЫГАЙ Борб. Теңир-Тоодо. Кайыңды кырка тоосунун түш.-батыш капталы аркылуу аккан Көйкап суусунун алабында. Ак-Суу р-нунун аймагында. Уз. 6 км, таманы кууш (2–3 м), деңиз деңг. 1900–2800 м бийикте жатат. Капчыгай башталышында Кайыңды кырка тоосун эки тармакка бөлүп, бирөө түн. батышка карай 4539 мден 3400 мге чейин жапыздап, байыркы түздүккө өтөт; экинчиси Кара-Арча аталып, түндүктү карай 4381 мден 3608 мге чейин жапыздайт. Төрү кенен (10 км). Андан төмөн таманы кууш, рельефи татаал. Капталдары жалама зоо. Девондун кызыл түстүү акиташ теги, кум, сланец, диабаз, порфирит; ортонку палеозойдун серпентинит, перидотит ж. б. тектеринен туруп, тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Капчыгай аркылуу аккан суунун уз. 12 км. Өсүмдүктөргө жарды. Капчыгай аркылуу Көйкап өрөөнүнө ат м-н өтчү эң татаал жалгыз жол бар.