КҮРӨҢ БАЛЫРЛАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КҮРӨҢ БАЛЫРЛАР (Рhaeophyta) – споралуу өсүмдүктөр тиби. Храмотофорасында фукоксантин болгондуктан, өңү күрөң. Бардык К. б. көп клеткалуу, субстратка бекип жашайт. Бир клеткалуу, колониялуу өкүлдөрү жок. Талломунун көлөмү бир нече ммден 40 мге жетет. Сырткы көрүнүшү б-ча бутактуу пластинка, жип, тасма, көпчүлүгү жалбырак-сабактуу татаал түзүлүштүү өсүмдүктү элестетет. Клетка чел кабыгынын сырткы бөлүгү пектин затынан туруп, ал былжырлуу, ички бөлүгү целлюлоза катмарын түзөт. Татаал түзүлүштөгүлөрүнүн (ламина рия) ткандары жиктеле баштаган. К. б-дын көп клеткалуу түктөрү бар, башка балырларда андай түктөр жок. Клеткасы, адатта бир ядролуу, кабыгы целлюлоза, ольгин, фукоидин заттарына бай. Көбөйүүсү вегетациялык талломдордун үзүндүлөрү аркылуу, жыныссыз (зооспоралар, тетраспоралар аркылуу, фукустардан башкасы) ж-а жыныстык (изогамия, гетерогамия, оогамия) жолдор м-н жүрөт. Көбөйүү органы – 1 же көп уялуу спорангий. К. б-дын 240 тукуму, 1500дөн ашуун түрү бар. 3 уруусу тузсуз сууларда, калгандары деңизде жашайт. Андан алгин к-тасы ж-а анын туздары, -

тоют уну, медицинада колдонулуучу йод, микроэлементтер алынат. Айрымдары тамакка пайдаланылат.