КҮРӨҢ АЮУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КҮРӨҢ АЮУ (Ursus arctos) – аюулар тукумундагы сүт эмүүчү. Дене уз. 2,55 мге, бийикт. 1,35 мге, салм. 600 кгга жетет. Евразия ж-а Түн. Американын түздүктөгү ж-а тоодогу токойло­рунда кезигет. Кырг-нда бул түр Теңир-Тоо, Алай, Памир тоо

кыркаларында кеңири таралган. Көбүнчө Арпа, Ак- Сай, Алай, Сары- Жаз, Чаткал ж. б. тоолордун кокту­колотторун, сырттарды мекендейт. Ал бадал арасын­да, аска, тоо этектеринде ж-а бийик алкакта кезигет. Суур, балык сыяктуу жаныбарлар ж-а дарак, бадал мөмөлөрү м-н азыкта­нат. Бир жерден экинчи (азыктуу, коопсуз) жер­ге ооп жашайт. Кеч күзгө чейин семирип, кы­шында узакка чээнге кирет. 3 жашында куутка катышат. Ургаачысы чээнге киргенден кийин декабрь, январда уйку абалында 1–2 мамалак тууйт. Мамалагы чала уйкуда жаткан энесинин эмчегин ээмп, бат чоңоёт. Күзгө чейин ма­малагынын салмагы 30 кгга жетет. Териси, майы үчүн кармалат. Барган сайын саны азаюу­да. Ошондуктан бул түрдү сактап калуу үчүн 1963-ж. аларды атууга, кармоого тыюу салын­ган. 1975-жылдан КРдин Кызыл китебине катталган.